40 жаштан кийин арыктоого жардам берген азыктар аталды

© AFP 2023 / VANDERLEI ALMEIDAПроблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро
Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетологдордун айтымында, биринчи кезекте рационго брокколини кошуу керек. Бул азык С витамини менен кальцийге бай.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Немец диетологдору 40 жаштан кийин арыктоого жардам берчү жана зат алмашууну жакшырткан пайдалуу азыктарды аташты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Диетологдордун айтымында, биринчи кезекте рационго брокколи жашылчасын кошуу керек. Бул азык С витамини менен кальцийге бай. Алар зат алмашууну жакшыртып, ашыкча май, суу жана шишикти жок кылууга жардам берет. Организмди спаржа (жашылчанын бир түрү) да жакшы тазалайт. Анын курамында арыктоого жардам берчү глутатион антиоксиданты, ошондой эле ашказан, ичегинин ишин жакшырткан клетчатка бар.

Продуктовый рынок Беркат в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жүзүм жеген жүзгө чыгат. Окумуштуулардын жаңы изилдөөсү
Капуста жалбырагы А витаминине бай. Анда В группасындагы витаминдин баары бар. Бул азык холестерин, кандагы майдын концентрациясын төмөндөтүп, ичегилердин иштөөсүн жакшыртат.

Брюссель деп аталган капустада С витамини, минералдар, антиоксиданттар жана күкүрт көп. Булардын жардамы менен тери жылмакай, чач жибектей болуп, тырмак бекемделет.

Диетологдордун сунушу боюнча, бардык жашылчаны кабыгы менен жеш керек. Аларда калий, темир, магний, кальций жана А, К, С витаминдери бар.

Арыктоого жардам берген азыктардын арасына сабизди да кошсо болот. Ал ашыкча холестеринди чыгарат. Кызылча болсо ички органдарды, айрыкча боор менен өттү тазалайт. Укроп клетчатка менен фолий кислотасына бай.

Жаңылыктар түрмөгү
0