Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи

CC0 / Pixabay / MireXaКружки для детей в КР
Кружки для детей в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-эне үчүн бала биринчи орунда. Заманга шылтайбызбы, убакыт жок дейбизби, айтор, бүгүнкү күндө чүрпөсүнө тийиштүү деңгээлде көңүл бура албай жаткан адам көп. Психолог баланын жан дүйнөсүн, сүйүнүчүн, кайгы-капасын, нааразычылыгын тарткан сүрөтү көрсөтүп берет дейт.

Психологдордун айтымында, көпчүлүк учурда 7-8 жашка чейинки балдар өзүндөгү болуп жаткан көйгөйдү айтып бере албайт. Ошондуктан адистер аларга үй-бүлөсүн, айланасын тартууну сунуштайт. Бул психодиагностикалык ыкма деп аталат. Баланын өзү менен тарткан сүрөтү туурасында баарлашуу да жемиштүү болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги да балдардын өз үй-бүлөсү тууралуу тарткан сүрөттөрү аркылуу алардын жан дүйнөсүнө кызыгып көрдү. Психолог, Транзакттык анализдөө европалык ассоциациясынын мүчөсү Ильдар Акбутин сүрөттөрдү карап, психологиялык анализ жасады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Ильдар Акбутин
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
Психолог Ильдар Акбутин

Анын айтымында, сүрөттү тарткан бөбөктүн өзү менен баарлашуу да көп маселени ачыктайт. Бул жерде психологиялык элементтердин мааниси каралат. Психолог бул анализ 100 пайыз дал келет деп айта албай турганын, себеби бул жерден баланын жашоосунун бир гана бөлүгү тартылганын кошумчалады.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи1-сүрөт (7 жаштагы кыз) 
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
1-сүрөт (7 жаштагы кыз) 

— Сүрөттү тарткан кыз бөбөгүнө жакын турат. Апасы менен да ортодо аралык бар. Ал эми атасы көп убакыт жумушта болобу, же атасын аз көрөбү, айтор, мамиле солгун сыяктуу. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда мамиле бар, бирок андай тыгыз эмес экен. Ортодо кандайдыр бир аралык бардай. Баары кол сунушуп турганы менен кармашкан эмес. Атасы менен апасынын көздөрү чоң жана бир аз карарып турат. Демек, үйдө ата-энесинин таасири чоң. Үйдүн чатырын, эшиктин бурчтарын абдан учтуу тартып, кызылга боёгон. Баланы тыйып же көп урушушат окшойт. Мындан улам ал ызасын чыгара албай, ичине топтой берет. Баарынын ооздору кызыл, чоң болуп тартылган. Бул да баланын кандайдыр бир деңгээлде өзүн жалгыз сезеринен, ата-энесинин көңүл буруусу жетишпей жаткандыгынан кабар берет.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи2-сүрөт (7 жаштагы кыз)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
2-сүрөт (7 жаштагы кыз)

— Бул сүрөттөн кызыктай бир учурду байкоого болот. Ата-энесинин буттары негедир узун тартылган. Ал эми кичине кыз аябай эле ылдый жакта турат. Башкача айтканда, ата-энесинин кол жеткис бир бийиктикте, өзүн ылдый жакта жалгыз тарткан. Кыз өзүн коргоосуз калгандай жалгыз сезет окшойт. Анан да апасынын колуна сумка карматып коюптур. Апасы дайым жумушта болуп, колу бошобойт өңдүү. Анан түшүп жаткан жалбырактарды тартыптыр, бирок алардын баары учтуу. Бул айлана-тегеректен кандайдыр бир чочулоосу бар экенинен кабар берип турат.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи3-сүрөт (4 жаштагы кыз)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
3-сүрөт (4 жаштагы кыз)

— Балдар көп экен. Тарткан бөбөк өзүн белгилеп койсо жакшы болмок. Бирок жалпысынан алганда баарынын көздөрүн чоң, кара кылып тартыптыр. Демек, бул үйдө тынчсызданчу жагдай бар сыяктуу. Балада коркунуч бардай тартыптыр. Бул жерде да булуттар учтуу болуп турат. Кээ бирөөлөр муну көркөм образ деши мүмкүн. Бирок биз баланын эмне тартканына эмес, аны кантип тартканына таянабыз. Эгер бала катуу басып тартып, барактын аркы бетинде да так калса, анда бөбөк бул сүрөттү рахаттанып тарткан эмес. Ички чыңалууну байкоого болот.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи4-сүрөт (5 жаштагы бала)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
4-сүрөт (5 жаштагы бала)

— 5 жаштагы бала үчүн бул сүрөттө элементтер, маалымат аз. Албетте, сүрөт тарткысы келбей да коюшу мүмкүн. Бирок үй-бүлө тууралуу сүрөт тартып жаткан бала өзүн тартпаса, демек, ал өзүн кереги жоктой сезет. Кээде балдар атасын тартпай коёт, мында үй ээси үйдө көп болбошу мүмкүн же атасына таарынычы бар болот. Бала тарткан сүрөттө өзүн четке тартып койгонунун өзү көңүл бурчу нерсе. Бул жерде бала өзүн такыр тартпай койгон.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи5-сүрөт (10 жаштагы кыз)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
5-сүрөт (10 жаштагы кыз)

— 10 жаштагы кыздын сүрөтү экен. Психологдор бул жаштагы балдар менен сүйлөшүп жыйынтык чыгара алат. Баары жакшынакай кийиниптир, бул үй-бүлө жетиштүү турмушта жашайт өңдөнөт. Эгер бала бул сүрөттөгүдөй баарын так, туура тартканга өтө эле аракеттенип, улам өчүрүп кайра тартса, анын башкаларга жагууга, мактоого арзууга каалоосу күч. Өзүнө жагуудан мурда башкаларга жагуу ал үчүн маанилүү. Үйдү тартканын карагыла, кирпичтерин тизмектеп, кынтыксыз, ушундай аракет менен тарткан. Көңүл бурууга муктаж. Бул кыз апасына жакын экен. Сүрөттө баары кол көтөрүп турат. Көтөрүлгөн колдор көңүл бурууга чакырган кыйкырык.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи6-сүрөт (7 жаштагы бала)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
6-сүрөт (7 жаштагы бала)

— Бул сүрөт абдан коркунучтуу тартылыптыр. Себеби бала негедир баарынан коркот. Баарынын көздөрүн чоң, анан кара тартыптыр. Мындай коркуу сезими кайдан пайда болот? Биринчиси, кээ бирде ата-энелер тарбиялоо максатында баланы "укпасаң бөөнү чакырам же бирөө алып кетет" деп коркутушат. Коркутуп, тыйып коюу менен оюндагыдай кылдыруу ата-энелер үчүн ыңгайлуу. Айтылгандын баарын бала чын катары кабыл алат, элестетет. Мисалы, балдар жомокту неге жакшы көрүп, кызыгышат? Анткени ага ишенет. Балдарды өзгөчө жети жашка чейин коркутпоо керек. Алардын фантазиясы өтө бай келет. Бул сүрөттө үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда да аралык бар экен. Атасын да аябай алыс тартыптыр.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи7-сүрөт (6 жаштагы бала)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
7-сүрөт (6 жаштагы бала)

— Мында хаос, чачыранды элементтер көп. Ички туруктуулуктун жоктугунан кабар берет. Психологияда бул амбиваленттүүлүк деп аталат. Ички канааттануу, тынчтык жок. Ата-энесинин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул балага таасири абдан чоң. Баланын жан дүйнөсүндө абдан көп карама-каршылыктан улам хаос болуп турат. Мындай учурда адамдын өзүнө ишеними жоголот. Бул балдарга көңүл буруу жетишпеши мүмкүн. Же гиперактивдүү болуп, олдоксон, ыксыз кыймыл-аракеттерди жасап коё берет. Апасынын көзүн чоң кылып тартыптыр, демек, коркот же ал киши көп тыят окшойт. Абдан чоң үй-бүлө экен. Бирок ар кимиси өзү менен өзү сыяктуу. Чачкын. Бала колун сунуп турат. Демек, дагы да жакындарынын көңүл буруусун күтүүдө.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи8-сүрөт (5 жаштагы бала)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
8-сүрөт (5 жаштагы бала)

— Тынчы кетип турган бала экен. Анткени штрихтер көп, кыйма-чийме түшүнүксүз боёлгон. Анан үйдүн жана машинанын сүрөтүн өзгөчө чоң кылып тарткан. Демек, бул үйдө ушул эки нерсе тууралуу көп сөз болот. Айтор, баланын аң сезими бул үйдө жашаган адамдардан үй жана унаа маанилүү деген түшүнүктү кабыл алып калган. Ата-энесинин "иштеш керек, үйдүн, унаанын кредитин төлөш керек" деген сыяктуу сөзүн көп угушу мүмкүн.

© Фото / рисунок ребенка, предоставленное родителями для статьи9-сүрөт (9 жаштагы кыз)
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи - Sputnik Кыргызстан
9-сүрөт (9 жаштагы кыз)

— Жогорудагы сүрөттөрдүн баарынан эң позитивдүүсү ушул сүрөт экен. Бул үйдө биримдик, тыгыз мамиле бар экени көрүнүп турат. Бирок биринчи атасы, анан апасы, эжеси болуп пирамидадай баары атасына ыктап турушат. Атасынын көңүл буруусу үйдө көп жетишпегендей. Баарынын тизилгенине караганда, бул үйдө аябай көп эрежелер бар өңдүү. Баары өз убагында, орду менен болушу керек деген ар кыл талаптар бар окшойт. Кээ бир өтө курч өңдөрдү эске албаганда, бул үй-бүлөдө жылуулук, ынтымак орногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0