Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык

Жазылуу
Кичинекей тигүү машинасы канча адамды бактылуу кылды. Бир эле буюм. Балким ал башкаларга анчалык маанилүү эместир. Бирок ал Айзат эженин тагдырын өзгөрттү.

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу кичинекей тигүү машинасы бир бүлөнүн жашоосун кантип өзгөрткөнү тууралуу айтып беребиз.

Айзат Мамбеталиеванын башына бир кезде каран күн түшүп, эмне кылар айласын таппай калган. Төрт жыл мурда алардын бүлөсү бейкапар эле жашап жаткан. Батирде турса да жолдошу жанында, балдары кашында, санаасы тынч эле. Үй-бүлө ГЭС-2 районунда жайгашкан Кыргызстан жаңы конушунда турчу. Ал конуш Чоң Чүй каналынын жээгинде.

Жайдын саратанында Айзат эженин жолдошу сууга түшүп кеткен алакандай болгон күчүктү куткарам деп суудан чыкпай калган. Өзү өлүп, күчүк аман калган...

Эски үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаман тамда калган жесир келин. Айылдаштардын ак жарыгы
Жолдошу каза болгондо жесир калган аял кош бойлуу болчу. Эс тартып калган уул-кызы, курсактагы баласы менен тагдырдын маңдайга жазган жазмышына айласыздан көнүп отуруп берген. Бүлөнүн башына мүшкүл иш түшкөн учурда аз да болсо жалгыз бой аялга жардам болсун деген максатта Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Айзат эже тууралуу материал даярдаган. Арабызда ак жүрөк, боорукер адамдар көп эмеспи, колунан келген көмөгүн көрсөткөндөр болгон.

Бирок жалгыздык деген жалгыздык. Балдарын жалгыз багып, баарына жетишүү оңой болгон эмес. Иштеп, тыйын-тыпыр чогултуп алайын деп айласыздан кичинекейин торолтуп коюп, балдарын кайын журтуна, Таласка жиберет. Акыркы жолу Айзат эже менен эки жыл мурда маек курганбыз. Ошондо балдарын сагынып жатканын, бир аз иштегенден кийин жанына аларын айткан эле...

Анда-санда эже менен байланышып турчубуз. Жакында эле Айзат эже WhatsApp тиркемесине жазып калды.

"Кандайсыңар? Бизде баары жакшы. Кыздарымды жаныма алып келгем. Азыр баарыбыз чогуубуз. Бирок бир маселе бар эле. Кыздарым жанымда болгондо мага үйдө отуруп иштөө ыңгайлуу болуп жатат. Кайсы бир кайрымдуулук фонд мага окшогон балалуу, жалгыз бой аялдарга тигүү машинасын берип жатыптыр. Эптеп өзүмө бир машина алып алсам жакшы болот эле. Үйдө иштебесем кыздарымды кайра жиберүүгө туура келет", — дептир.

Ким эле жакшылыктын, жакшы иштин себепчиси болгусу келбесин. Дароо эже айткан кайрымдуулук фонддун байланыш номерлерин таап сүйлөштүк. Айзат эженин телефон номерлерин алып калышкан. Бир ай өтүп калгандан кийин Айзат эже чалды. Маанайы жакшы, кубанган.

"Таалайгүл, мага тигүү машинасын алып беришти. Ал гана эмес, кыздарыма кийим, үйгө азык-түлүктөн бери жеткирип беришти", — деп кыздарынын, тигүү машинасынын сүрөтүн телефондон жөнөтүп жибериптир. Кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү жесир аялга көмүрүнөн бери түшүрүп берген экен.

© Фото / Айзат МаматалиеваБир бүлөнү бакытка бөлөгөн тигүү машинасы
Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык - Sputnik Кыргызстан
Бир бүлөнү бакытка бөлөгөн тигүү машинасы

Дүйнөм түгөл боло түштү. Каарманыбыздын кубанганын угуп мен да сүйүндүм. Башкысы — Айзат эженин балдары эми жанында, кашында, маңдайында. Кичинекей тигүү машинасы канча адамды бактылуу кылды. Бир эле буюм. Балким ал башкаларга анчалык маанилүү эместир. Бирок ал Айзат эженин тагдырын өзгөрттү.

© Фото / Айзат МаматалиеваКыздары да жаңы кийим кийип өзүнчө бактылуу
Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык - Sputnik Кыргызстан
Кыздары да жаңы кийим кийип өзүнчө бактылуу

Бактылуу болуш үчүн адамга ченемсиз байлыктын деле кереги жок деп ойлоп кетесиң. Жакшы сөз же кичинекей эле буюм адамдын тагдырын өзгөртүп коюшу мүмкүн экенин биле жүрөлү.

Бири-бирибизге жакшылык кылууну, жакшы сөз айтууну адатка айланталычы!

Эгер кандайдыр бир жүрөк жылыткан, жылмаюу тартуулаган, бактылуу кылган ирмемдериңиз болсо, news@sputnik.kg дареги аркылуу биз менен бөлүшүп коюуну унутпаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0