"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовСистема межведомственного электронного взаимодействия "Тундук"
Система межведомственного электронного взаимодействия Тундук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк" системасы толугу менен качан иштей баштайт, ага канча мамлекеттик орган кошулду, жарандарга кызмат көрсөтө баштадыбы? Ушул жана башка суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таба аласыздар.

Өлкөдө үч жыл катары менен санариптештирүү жылы деп жарыяланды.

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) ишке киришти. - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыккан Дата борбору ачылды. Функциясы
Президенттин аппараты, өкмөт баш болуп "Түндүк" системасын ишке ашырууга басым жасоодо. Бул ишти создуктуруп, кармаганы үчүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берген. Өлкөнү санариптештирүү — анын ишмердүүлүгүнүн негизги маңызы экенин да айтып келет.

Бирок "Түндүк" системасы тууралуу элде маалымат аздай. Анын максаты, кызматы эмне экенин билбегендер көп. Система толугу менен качан иштей баштайт, ага канча мамлекеттик орган кошулду, жарандарга кызмат көрсөтө баштадыбы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин ушул жана башка суроолоруна "Түндүк" ишканасынын жетекчисинин орун басары Азамат Буржуев жооп берди.

"Түндүк" системасы деген эмне?

"Түндүк" системасы менен мамлекеттик порталды алмаштырып албоо керек. "Түндүк" тутуму аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык органдар бири-бири менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашат. Алсак, Бажы кызматына Салык кызматынын маалыматтары керек болсо, системага кирип керектүүсүн ала алышат.

"Түндүк" мамлекеттик порталы тууралуу

Заведующий сектором информационного обеспечения Министерства образования и науки КР Расул Маматов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Маматов: 20 миңдей окуучу мектепке электрондук каттоо менен кирди
Ал эми мамлекеттик порталды жарандар, коомчулук колдонот. Башкача айтканда, бул — электрондук кызматтардын порталы. "Түндүк" системасына мамлекеттик органдардын бардыгы кошулгандан кийин жарандарга да электрондук кызмат көрсөтүү жеңил болуп калат. Эң эле жөнөкөй мисал, элдин баарын түйшүккө салган маалым каттарды алуу жеңилдейт. Анда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары маалым кат сурап келген жарандын аты-жөнүн жазары менен ал тууралуу маалыматтын баары дароо чыгып калат. Соцфондго же Салык кызматына жиберип отурбай, бардык документти ошол жерден алып кетишет.

"Түндүк" системасына канча мамлекеттик мекеме кошулду?

Мамлекеттик органдарды бири-бирине кошуу иштери 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Негизи жалпы 63 маморган катталган. Алардын ичинен 30дай мамлекеттик орган бул тутумга кошулуп, азыркы тапта бири-бири менен маалымат алмашып жатат. Калган 33ү маалыматтарын толук түзүп бүтө элек. Айрым министрликтер тутумга тез эле кошулат. Анткени аларда тутумга кошчу маалыматтар аз. Башкалары, мисалы, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтеринде маалымат көп. Ошол себептен алар толугу менен системага кошула элек. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлигин тутумга кошуу үчүн бардык окуучулардын базасын түзүү керек. Андан соң ал базаны Мамкаттоо кызматына байлоо зарыл. Ошондой эле ар бир мектеп, мугалимдин реестрин иштеп чыгуу керек. Азырынча бул боюнча иштер жүрүп жатат.

Электрондук кызматтар порталы качан иштеп баштайт?

1-марттан тарта "Түндүк" мамлекеттик порталынын биринчи этабы ишке кирет. Анда жарандар 10 мамлекеттик мекеменин кызматын колдоно алышат.

Порталга кантип кирип, кызматтарды кандай колдонсо болот?

Школа в селе Дон-Алыш Кочкорского района - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласынын мектепте жеген тамагына чейин онлайн көрөт. Долбоор башталууда
Порталга киргенден кийин кайсы кызматтарды колдонууга болору тууралуу маалымат берилет. Бирок порталга кириш үчүн алгач ар бир жаран идентификациялык карта менен каттоодон өтөт. Катталып жаткан жаран жаңы ID картасынын персоналдык маалыматтарын көрсөтүшү керек. Логин, пароль тергенден кийин гана порталга кире алат. Тутумга кошулгандардын коопсуздугу биринчи орунда.

Түндүк порталынын биринчи этабында жарандар кызматтарды сайт аркылуу колдонот. Экинчи этапта порталдын тиркемеси пайда болот.

"Түндүк" порталы аркылуу кийинчерээк жарандар коммуналдык кызматтарды да төлөй башташат. Башкалардан артыкчылыгы — айрым адамдарга, мисалы, көп балалуу энелерге коммуналдык кызматты төлөөдө жеңилдиктер каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0