"Коопсуз шаардай" болот. Оор жүктөрдү таразага тартууда жаңы эреже сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана
Спецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар нормадан ашык жүк менен өткөн автоунааларга 100 миң сом айып салууну демилгелеген, бирок өкмөт сумманы азайтууну сунуштады.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Парламентте Кыргызстандын жолдору аркылуу оор жүк ташыган автоунааларды таразага тартуу жайларын "Коопсуз шаар" долбоору сыяктуу автоматташтыруу сунушталды.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп биринчи окууга алып чыгышты. Баяндамачы Марлен Маматалиевдин айтымында, бул мыйзам коррупцияны жоюп, адамдык факторлордон арылууга шарт түзөт.

"Буга чейин жолдорду сактап калуу максатында таразалар орнотулган. Бирок ал максатына толук жетпей, коррупциялык  схемалардан улам нормадан жогорку жүктөрдү ташып жүрүүдө. Таразага кирбей эле өтүп кеткен автоунааларды өзүм көрүп келдим. "Коопсуз шаар" долбоору киргенден кийин баары тартипке келип калбадыбы. Ушул автоматтык системаны киргизсек, таразага тартканда дароо монитордон канча салмак ашып кеткени көрүнөт. Эгер артка кайтып же жүгү башка унаага бөлүштүрүлбөсө, айып салынат", — деди Маматалиев.

Жол эрежесин бузба! Айланма трасса аркылуу Бишкекке кирүү тартиби. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежесин бузба! Айланма трасса аркылуу Бишкекке кирүү тартиби. Видео
Ошондой эле ал депутаттар айып пулдун көлөмүн 100 миң сомго жеткирүүнү сунуштаган, бирок өкмөт сумманы азайтуу керектигин билдирди. Натыйжада жеке жактарга 17 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сомдук айып каралды.

"Бул система ишке кирсе, азыркыдай болуп таразада кызматкерлер турбайт. Бүгүн ар бир унааны токтотуп, салмагын карап, анан протокол толтурушат. Биз баары автоматтык түрдө базага түшүп тургандай кылабыз. Кайсы автоунаанын жүгү канча ашып кеткени дароо монитордон көрүнөт. Андан кийин айып кагазы унаа ээсинин үйүнө жиберилет. Бул системаны азыр Транспорт жана жолдор министрлиги башкарууда. Алар "көзөмөл бизде эле калсын" деп жатат. Бирок биз башка тийиштүү органдарга берип, жалпы көзөмөл кылууну сунуштадык", — деди депутат.

Мыйзамды талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү жакында эле ушул тараза тармагын тескеген Автотранспорт агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов коррупцияга шектелип кармалганын белгилешти. Бул ал жакта жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп жатканын далилдей турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0