18:35 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (654)
145 0 0

Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн кайткан кыргызстандык жарандар чек арадан тыкыр текшерилип жатат. Алардын соңку бир нече айда Кытайга барганы-барбаганы да каралары айтылды.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайткан кыргызстандыктарды акыркы үч айда Кытайда болгон-болбогону текшерилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик чек арадан өткөндөр биометрикалык паспорттору аркылуу электрондук дарбаза (E-gate) системасынан текшерилип жатат. Андан кийин акыркы үч айда Кытайга барган-барбаганын аныктоо үчүн жалпы жарандык паспортторун көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча COVID-19 коронавирусунан 1 873 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 73 миңден ашса, 12 745 адам сакайып кетти.

Буга чейин ЖМКлар Японияда кармалып турган круиздик лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок ал Sputnik Кыргызстан агенттиги менен байланышканда бул маалыматты четке какты.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (654)

Тема боюнча

Кыргызстанга эгизинин паспорту менен кирген жаран кармалды
Белгилер:
чек ара, текшерүү, паспорт, Кытай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ