Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Журналист иш күнүн кантип башташы керек? Россиялык адистин кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель редакции Р-Спорт МИА "Россия сегодня", журналист, радиоведущий, продюсер Александр Калмыков
Руководитель редакции Р-Спорт МИА Россия сегодня, журналист, радиоведущий, продюсер Александр Калмыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт серепчисинин айтымында, журналист бир күндүк иш планын түзүп алышы керек. Болбосо жумушту эмнеден баштаарын билбей кыйналышы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Редакциянын журналисттери иш күнүн маалымат бере турчу адамдарга чалуу менен башташы керектигин "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин алдындагы Р-Спорт редакциясынын жетекчиси, журналист, радионун алып баруучусу жана продюсери Александр Калмыков билдирди.

Ал SputnikPro долбоорунун алкагында спорттук журналисттерге, комментаторлорго жана блогерлерге мастер-класс өттү. Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болду.

Калмыковдун айтымында, журналист бир күндүк иш планын түзүп алышы керек. Болбосо жумушту эмнеден баштаарын билбей кыйналышы мүмкүн.

"Маселен, эртең менен спорттук федерацияларга чалып, эмне жаңылыктары бар экендигин билүү керек. Андан кийин маанилүүсүнө карап темаларды тандап алыңыз. План түзүү үчүн балатыны элестетиңиз. Анын жыгачы — баштапкы маалымат дейли. Бутактары болсо теманы ар тараптан өнүктүрүү боюнча ракурстар. Маселен, журналист маалымат жазып, андан кийин пикирлерди чогултууга киришет. Андан ары адистердин айткандарын чогултуп отуруп чоң материал жазып салышы мүмкүн", — деген ал.

Ошондой эле ал редакция командировканын чыгымын көтөрө албаса маалыматтарды офисте отуруп деле жеткиликтүү чагылдыра аларын кошумчалаган.

Калмыков — Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. "Радио Зенит" (2007) түптөлгөндөн бери кабарчы жана түз эфирдеги программалардын редактору болуп иштеген. Андан кийин бир катар телеканалдар менен кызматташкан. "Санкт-Петербургдагы советтик спорт" гезитинин шеф-редакторунун орун басары болгон. 2012-жылдан тарта Р-Спорт агенттигинин кызматкери. 2014-2017-жылдары кечки эфирдин шеф-редактору болуп, андан кийин "Sport FM" радиосунда "Детская площадка", "Спорный момент", "Мужской взгляд" жана "Top Sport" программаларын алып барган.

Россия сегодня эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, алып баруучу жана спорттук комментатор Василий Конов - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы
Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарын чагылдырганы үчүн Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах ыраазычылык билдирген. Россиянын спорт министри тарабынан Ардак грамота алган.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0