Бишкек мэриясы 50 млн. долларга автобус алууну пландап жатат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүү"Volgabus" компаниянын заводунда Электробус
Volgabus компаниянын заводунда Электробус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустарды сатып алуу үчүн каражат жылдын аягына чейин бөлүнүшү мүмкүн. Долбоор алдын ала Финансы министрлиги тарабынан колдоо тапкан.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы электр кубаты менен жүргөн 350 автобусту 50 миллион долларга сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Мэр Азиз Суракматов Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугуп, автобустарды грант менен насыянын эсебинен алуу маселесин талкуулаган.

"Вице-мэр Азизбек Алымкулов Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 50 миллион долларга 350 автобус алуу боюнча долбоор алдын ала Финансы министрлиги тарабынан колдоо тапканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган банктын өкүлү Стивен Льюис-Воркман мындай ырааттуу иштин арты менен каражат жыл аягына чейин бөлүнүшү ыктымалдыгын билдирген.

Буга чейин мэрия шаардын чок ортосундагы кыймылды азайтуу үчүн 520 автобус аларын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0