Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРубль жана доллар банкноталар. Архив
Рубль жана доллар банкноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк былтыр чет өлкөдөн которулган каражат тууралуу акыркы маалыматын жарыялады. Ал жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстанга акча которуунун көлөмү 278,4 миллион долларга кыскарганын Улуттук банк кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул маалымат жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.

Былтыр бул сумма 2 миллиард 406,9 миллион долларды түзгөн. 2018-жылы өлкөгө 2 миллиард 685,3 миллион сом которулган.

Бул көрсөткүч 2005-жылдан берки эсепте үчүнчү саптагы көрсөткүч. Рекорд 2018-жылы катталган. 2017-жылы да өлкөгө сырттан акча которуу көп болуп, анын суммасы 2 миллиард 482,4 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0