Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАйылдык жол кар жаган мезгилде. Архив
Айылдык жол кар жаган мезгилде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 18-февралда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөндөрүндө -2…+3, Талас аймагында -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -1…-6 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүн табы борборубузда жана Ошто 0…+2 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0