Бишкекте айып пул төлөбөгөндөрдүн унаалары токтотмо жайга киргизилип жатат

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРЭвакуация машин за неправильную парковку в Бишкеке
Эвакуация машин за неправильную парковку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкармалыктын инспекторлору шаарда рейд жүргүзүп, бир катар себептер менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктай алышкан.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөгөн айдоочулардын автоунаасын атайын токтотмо жайга алып кете башташты. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстанда бузулган кайсы жол эрежелери үчүн айып пулдар өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежесин бузууга салынган айыптардын көлөмү кантип өзгөрдү? Инфографика
Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору өткөн дем алышта жол эрежеси бузулган 4 122 учурду катташкан. Айып пулу төлөнбөгөн 20 автоунаа атайын токтотмо жайга киргизилген.

Мындан тышкары, 80 машинанын айдоочусу мас болгону үчүн, 26 автокөлүк тонировкасына байланыштуу жана дагы 171 унаа башка себептер менен айып короого токтотулган.

ЖКККББдан белгилешкендей, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып бир айдын ичинде төлөнүшү керек. Эгер эреже сакталбаса, аталган кызмат унааларды атайын токтотмо жайга алып кете алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0