Ат-Башыга логистикалык борбордун курулары күмөнбү? Инвестордун жообу

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРабочая поездка премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева в Нарынскую область
Рабочая поездка премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Логистикалык борборду кура турчу кытайлык инвестор, One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Индин аймактагы кырдаалга тынчсызданып жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ат-Башыга логистикалык-соода-өндүрүш борборунун курулары азырынча арсар. Бул тууралуу инвесторлордун бири, "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борборду кура турчу кытайлык инвестор, One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь аймактагы кырдаалга тынчсызданууда.

"Кытайлык инвестор ойлонуп жатат. Анткени жергиликтүү тургундар борбордун курулушуна каршы митингге чыгышууда. Бирок өнөктөш азырынча бир чечим чыгарып, иштен баш тарта элек", — деди Абдыкадыров.

Соода-өндүрүш-логистикалык борбордун курулушуна каршы Ат-Башы районунун тургундары улам-улам митингге чыгууда. Бүгүн да жүздөгөн киши Ат-Башы райондук администрациясынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Ээн талаа шаарга айланат! Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвестордун маеги
Эске салсак, 2019-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. Долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түзөт. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын пайдубалына капсула салып келген.

Бул индустриялык-соода-логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алышкан. Алар жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

Логистикалык борборду салчулар курулуш иштери апрель айында башталарын белгилешкен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0