Россия Кыргызстанга элдин саламаттыгын текшерген автопоезд жөнөтөт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМедициналык автопоезд. Архив
Медициналык автопоезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ден соолук" кербени долбоорун каржылоо үчүн Кыргызстанга Евразиялык фонддон жалпы жонунан 2 миллион доллар грант бөлүнөт.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калкты текшерип, профилактикалык иштерди аткаруу үчүн Россия эки автопоезд берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "СПИД Инфосвязь" коомдук фондунун жетекчиси Елена Перышкина баштаган өкүлдөрү менен жолуккан. Анда "Ден соолук" кербени долбоорун ишке ашырууга багытталган келишимге кол коюлган.

"Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанга эки автопоезд берилет. Максаты — алыскы аймактардагы тургундарды текшерүүдөн өткөрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү. Ошондой эле ВИЧ жана башка инфекциялык оорулар менен күрөшүү. Автопоезддер 2020-жылдын ноябрь айынын башында жеткирилет", — деп айтылат маалыматта.

"Ден соолук" кербени долбоорун каржылоо үчүн Кыргызстанга Евразиялык фонддон жалпы жонунан 2 миллион доллар грант бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0