УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты

© Фото / пресс-служба МИД КРМеждународные тактические учения состязательного характера SWAT Challenge 2020 в Дубае
Международные тактические учения состязательного характера SWAT Challenge 2020 в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн атайын даярдыктагы бөлүктөрүнүн арасында уюштурулган эл аралык таймашка биринчи жолу катышты.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү КР консулдугунун колдоосу менен Дубай шаарында өткөн SWAT challenge 2020 деп аталган эл аралык мелдешке катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

© Фото / пресс-служба МИД КРУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү КР консулдугунун колдоосу менен Дубай шаарында өткөн SWAT challenge 2020 деп аталган эл аралык мелдешке катышты.
УКМКнын Альфа бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү КР консулдугунун колдоосу менен Дубай шаарында өткөн SWAT challenge 2020 деп аталган эл аралык мелдешке катышты.

Маалыматта таймаш 9-февралда башталып, Бириккен Араб Эмирлигинин ички иштер министри, Министрлер кеңешинин төрага орун басары шейх Сейф бин Заед аль-Нахайяндын көзөмөлү алдында өткөнү айтылат.

Окутуулардын жүрүшүндө командалар аскердик жана тактикалык даярдыгын, ар кандай тоскоолдуктардан өтүү жөндөмүн көрсөтүштү.

"Мындан тышкары, ар кыл өлкөдөн келген катышуучулар ортосунда алака түзүлүп, тажрыйба алмашып жатышты. Ага катар көргөзмө уюштурулуп, курал-жарактын, экипировканын жана атайын каражаттардын жаңы үлгүлөрүнө күбө болушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетчү жагдай, быйыл Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн атайын даярдыктагы бөлүктөрүнүн арасында уюштурулган эл аралык таймашка биринчи жолу катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0