Мэрия унааны туура эмес жерге токтоткондорго айыпты жогорулатуу маселесин көтөрөт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЖол белги. Архив
Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэрдин айтымында, Бишкекте унаалар өтө эле көп. Алардын саны 400 миңге жетет. Жаңы долбоор боюнча көчөлөргө бир катар чектөөлөрдү киргизүү пландалууда.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Муниципалитет унааны туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн жогорулатуу маселесин көтөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу жер жана транспорт саясаты боюнча Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов мэриянын коллегиясында билдирди.

Анын айтымына караганда, мэрия шаардагы жолдордон унааларды азайтуу үчүн бир катар чараларды иштеп чыкты.

"Бишкекте унаалар өтө эле көп — 400 миңге жетет. "Унаа токтотмо жайлары" ишканасы менен биргеликте долбоор иштелип жатат. Ага ылайык, көчөлөргө бир катар чектөөлөр киргизилет. Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүүнү сураганы жатабыз, анын ичинде унаасын туура эмес жерге токтоткондорго салынган айыптын суммасын жогорулатуу маселеси бар", — деди ал.

Вице-мэр муниципалитет жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин улантарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0