Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАлып баруучу Мирхамид Токтогул жана эркин журналист, алып баруучу Шаакан Токтогул
Алып баруучу Мирхамид Токтогул жана эркин журналист, алып баруучу Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" — Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы рубрикасы. Анда чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, балдары тууралуу сөз болот.

Алгачкы конокторубуз бири-бирин сөзүнөн эмес, көзүнөн түшүнгөн, жумушта, үйдө, сыртта бири экинчисине арка-жөлөк болуп жүргөн түгөйлөрдүн бири, издешпей табышкан алып баруучу Мирхамид Токтогул жана эркин журналист, алып баруучу Шаакан Токтогул болду.

© Фото / Айбек БайымбетовБири-бирин сөзүнөн эмес, көзүнөн түшүнгөн, жумушта, үйдө, сыртта бири экинчисине арка-жөлөк болуп жүргөн түгөйлөрдүн бири Мирхамид жана Шаакан Токтогул
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирин сөзүнөн эмес, көзүнөн түшүнгөн, жумушта, үйдө, сыртта бири экинчисине арка-жөлөк болуп жүргөн түгөйлөрдүн бири Мирхамид жана Шаакан Токтогул

— Экөөңүздөр тең салттуу баалуулуктарды элге таанытып келе жаткан, айтып эле койбостон кийген кийимиңер, баскан-турганыңар менен далилдеп-тастыктап турган адамдарсыңар. Тагдыр силерди кайдан кантип табыштырды эле?

Мирхамид Токтогул: — Өзү келген (күлүп).

Шаакан Токтогул: — Салттуу үй-бүлөлөрдүн "өзү келген" деген сөзү бар го.

Мирхамид: — Тамашасы жок айтканда, экөөбүз Кыргыз-түрк "Манас" университетинен таанышканбыз. Окуу жайдагы иш-чарада "Жар көрүү" каадасын көрсөтүп, кыз-жигиттин ролун аткарганбыз. Тагдыр бизди ошондой кошту окшойт. Мен жогорку курста, жубайым даярдык курсунда окучу. Кийин "Ак шумкар Кут" уюумунда бирге иштеп калдык. Ал уюмда жетекчи болчумун. Экөөбүздүн баалуулук бир экенин түшүнүп, уюмга чакыргам. Улуттук баалуулук, салттуу маданият, салттуу билим. Бул адам да ушул багытта жашап, жасап жүргөн адам экен. Уюмдан аны жакындан биле баштадым. "Ак шумкар Кут" уюму бизге данакер болду.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМирхамид Токтогул: жаш үйлөндүк. Бирок биз үчүн апам тоо, аска-зоо болуп берди.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: жаш үйлөндүк. Бирок биз үчүн апам тоо, аска-зоо болуп берди.

— Жолдошуңуз менен таанышкан учурда "ушул менин адамым экен" деген ой келди беле?

Шаакан: — Биринчи көргөндө андай ой келген эмес. Көзүмө аябай чоң киши көрүнгөн. "Агай" деп кайрылчумун. Ошондон уламбы, азыр деле "сиз" дейм. Кийин бу киши менен китепканадан көп көрүшө баштадык. Анан эле "Ак шумкар Кут" уюмуна чакырып калды. Чынын айтканда, бу кишиден сунуш деле күткөн эмесмин. Сезимдерим кеч ойгонду. 

Шаакан Токтогул: көп үй-бүлөнүн түбүнө жеткен бул — тиричилик

Мирхамид: — Экөөбүз бир жылга чукул кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Апам ага чейин эле Шааканды таанычу. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү, ага үйлөнөрүмдү айтсам жакшы кабыл алды. Ошентип бир жылдан кийин ала качып кеттим. Анда мен 22 жашта, жубайым 20да болчу.

— Жаш эле үйлөнгөн турбайсыңарбы. Ата-энеңер кандай кабыл алды?

Мирхамид: — Ооба, жаш үйлөндүк. Бирок биз үчүн апам тоо, аска-зоо болуп берди.

Супруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. "Биз — ата-энебиз" долбоору
Шаакан: — Менин ата-энем деле каршы болгон жок. Болгону алыс дешти. Анткени мен Аксыдан болом, бу киши болсо Бишкектен. Үйдөгүлөр мени ошол жакка эле турмушка чыгат деп ойлошуптур. Атам мага "өзүңө эмне керек экенин өзүң эле билесиң. Башкалар кеңеш бериши мүмкүн, бирок алар жашооңо киришип алганга акысы жок" деп көп айтчу. Тандоомду атам четке каккан жок. Апам болсо "бул өсө турган бала экен. Бир үй-бүлөдөн бирөө эле чыгат. Эгер ушул адамды тандоону чечсең, анда сенин карьераң жок болот" деп айткан.

Мирхамид: — Эркек киши үй-бүлө кураар алдында сезимдеринен сырткары да көп нерсени карайт да. Эгер үйдө отурганды каалаган аял болсо, ошондой аял алат. Чыгармачыл адамга баш кошо турган болсо, "бу адам үйдө отурбайт да" деп аны да ойлонот. Негизи чыгармачыл адамдардын көкүрөктөгү кору калып калбаш керек. Мен да чыгармачыл адаммын, түшүнөм. Ичте кор калып калса, ал мите курттай жейт. Потенциал, мүмкүнчүлүк, кор, билим, шык-жөндөм, талант — анын баары чыгыш керек. Бир үйдөн аялы же күйөөсү эле чыгыш керек деген нерседен биздин үй-бүлө алыс. Бирок чынын айтайын, бир учурда, экинчи балабыз төрөлгөн кезде болсо керек, көр оокатка аралашып, тамырлаша баштаганбыз. Карасам чыгармачылык, маданият, адабият, философия жөнүндө сөз жок. Сөздүн баары эле көр оокат, турмуш-тиричилик деген нерсеге байланып бара жатыптыр. Байкадым да "кой, жаз, иште" деп баштадым.

© Фото / Айбек БайымбетовШаакан Токтогул: Бул кишинин ачуусу аябай чукул эмес. Бирок бизде деле андай нерселер болду. Мындай учурда мен кат жазчумун. Кагазга болгонун болгондой кылып жазып туруп таштап койчумун.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Шаакан Токтогул: Бул кишинин ачуусу аябай чукул эмес. Бирок бизде деле андай нерселер болду. Мындай учурда мен кат жазчумун. Кагазга болгонун болгондой кылып жазып туруп таштап койчумун.

— Негизи казан-аягы кагышпаган үй-бүлө аз болсо керек. Силердин үйдө түшүнбөстүк, таарыныч болобу? Казан-аяк кагышып кеткен учурда кырдаалдан кантип чыгасыңар?

Шаакан: — Бул тажрыйбадан биз дагы өттүк. Көп үй-бүлөнүн түбүнө жеткен да ушу тиричилик. Жубайлардын көбү бири-бирине кыйындыгын далилдегиси келет. Айрыкча аялдар, биз, ушундайбыз. Айтып албасак эс албайбыз. "Укпай басып кеттиң" деп да таарынабыз. Ал таарынычтын баары топтоло берет, топтоло берет. Анан бир күнү жарылат. Ошого жеткирбеш керек. Маселени убагында чечпесе ал чоңое берет, анан аял киши жарылып, депрессияга да кабылып калышы ыктымал. Бул кишинин ачуусу аябай чукул эмес. Бирок бизде деле андай нерселер болду. Мындай учурда мен кат жазчумун. Кагазга болгонун болгондой кылып жазып туруп таштап койчумун. Чоң таарынычтар болгондо шаардын четине чыгып, тынч отуруп анан талдачубуз. "Чыр эмнеден чыкты?" деп себебин анализдейбиз. Мындай нерсени "өтүп кетет" деп козгобой койбош керек. Ал туура эмес. Ал өтпөй, ичте калып калышы мүмкүн. Ошол темага кайра бир кайрылып, анализдеп алса, кийинки кадамдарга тоскоолдук жаралбай турганын түшүндүм.

Мирхамид: — Кошулам. Ошол маселени жаап койбой, убагында бүтүрүп коюш керек экен. Анткени ал бирде болбосо бирде чыгып, адамды эзип, зыяны тийип калчудай. Чыр чыккан кезде ар ким ар кандай ыкма колдонот. Кээ бир эркектер чыгып кетет, айрымдары чаап жиберет. Бирок андан эч нерсе чечилбейт. Ошол учурда болбосо да, эмоция тарап калган кезде жай отуруп, колдон келсе үйдө эмес, сыртта, паркта же жаратылышта чечишип алган оң. Кат деле жакшы практика экен. Бу киши катты бурк этип таштап коет. Көзүнчө албайм, куру намыска алдырып. Чыгып кеткенден кийин окучумун.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваШаакан Токтогул: Урушкан учурда маселени үйдөн эмес, сыртка чыгып парктан же эл аз, тынч жерден, жаратылыштан чечишкен жакшы. Биз шаар четине чыгып барып сүйлөшүп келчүбүз.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Шаакан Токтогул: Урушкан учурда маселени үйдөн эмес, сыртка чыгып парктан же эл аз, тынч жерден, жаратылыштан чечишкен жакшы. Биз шаар четине чыгып барып сүйлөшүп келчүбүз.

— Анан жоопту сиз да кат менен берчү белеңиз?

Мирхамид: — Жок.

Шаакан: — Кат менен жооп берген күндөрүңүз деле болду.

Мирхамид: — Өтө эле аз. Көбүнчө жекеме-жеке сүйлөшүп алчубуз.

Шаакан: — Урушкан учурда маселени үйдөн эмес, сыртка чыгып парктан же эл аз, тынч жерден, жаратылыштан чечишкен жакшы. Биз шаар четине чыгып барып сүйлөшүп келчүбүз.

— Эл көзүнчө урушкан жубайларга кандай карайсыңар?

Мирхамид: — Эми ал ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн чечими. Балким, күйөөсү үйдөн укпайттыр. Ошол себептен аялы башкалардын көзүнчө айтууга аргасыз болгон чыгар...

Шаакан: — "Үй-бүлө туюк маселе" деген жалпы түшүнүк бар да. Мен, мисалы, ички маселени сыртка жарыя кылгым келбейт. Эки эле адам өздөрү чечип алчу маселеге айрымдар кайын журт, төркүндү аралаштырып жиберишет. Бирок экөө тең акыл-эстүү чоң киши. Өз маселесин өздөрү чечсе болот да.

— Канча балалуу болдуңуздар?

Мирхамид: — Төрт уулубуз бар.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМирхамид Токтогул: Негизи балага баладай эле мамиле кылыш керек. Бала миңдеген-жүздөгөн байлыгыңдын башында турат. Ал адам да. Ал эми адамдын баасы, адамдын куну жок.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: Негизи балага баладай эле мамиле кылыш керек. Бала миңдеген-жүздөгөн байлыгыңдын башында турат. Ал адам да. Ал эми адамдын баасы, адамдын куну жок.

— Балдарга туура тарбия берүү көп ата-эненин жүрөгүн өйүткөн маселе эмеспи. Ар бир үй-бүлө ар башкача ыкма колдонот. Ар башкача көз караш менен тарбиялайт. Сиздерде кандай?

Шаакан: — Балдарга "жакшы бол" деп куру сөз менен айтсаң, андан жыйынтык чыкпайт. Алар көргөнүн жасайт экен. Аларды тарбиялайбыз деп адам өзүн кошо тарбиялайт экен. Биз да балдарды тарбиялап жатып, өзүбүз да түздөнө баштадык. Үйдө, тамакка отурганда бата менен баштап, бүткөндө бата кылуу. Эртең менен эрте туруп, көнүгүү жасоо. Мунун баары тарбия.

Залкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым
Мирхамид: — Адам өзүнөн сырткары коом, табият менен да мамиледе болушу керек. Биз азыр ошол нерсени балдарга үйрөтө баштадык. Мисалы, азыр балдарга экология темасы тууралуу көп айтабыз. Желимдин зыяндуулугун айтып, ичкен-жегенибизге табигый таза азыктарды колдоно баштадык. Бала тарбиялоо оңой эмес чынында. Көп нерсени сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Чектен ашып баратса чыбык колдонууга туура келет. Негизи ар бир баланын мүнөзү ар кандай. Мисалы, бир эле нерсени төрт бала төрт башкача кабыл алат. Кээ бири жакшы кабыл алса, айрымдарына баары бир. Биздин бир балабыз бар. Дүйнө эмне болуп жатат, иши жок, маани бербейт. Өз дүйнөсү менен алпурушуп жүрө берет. Ал тургай телевизор көрүп, балдарга кошулуп ойнобойт. Аны "Буркан-Шаркан" деп коебуз. Негизи балага баладай эле мамиле кылыш керек. Бала миңдеген-жүздөгөн байлыгыңдын башында турат. Ал адам да. Ал эми адамдын баасы, адамдын куну жок.

Шаакан: — Азыркы балдар акылдуу деп жатпайбызбы. Ошол чын экен. Мурда ата-энебиз "ай, аны кылба, жаман болот" десе отуруп калчубуз. Азыркылар "эмнеге жаман болот?" деп сурашат. Муну мен жетишкендик деп ойлойм. Мен балдарым менен кош бойлуу кезден эле сүйлөшүп баштадым. Бу киши музыканы көп уктурчу. Курсакта кезинде, ымыркай курагында сүйлөшө эле берчүмүн. Эмне жасап жатсам ошонун баарын айтып берчүмүн. Китеп да көп окуп бердим. Ошондон уламбы, айтор, баарынын тили эрте чыкты. Ойлорун түшүндүрө алышат. Жанагы "Буркан-Шаркан" деген балабыз "ыйлагым келип жатат" деп айтып туруп анан ыйлайт. "Бала азыр эмнени түшүнөт" деп айрымдары эч нерсе айтпай, аны менен сүйлөшпөй коет. Бирок алар менен көбүрөөк баарлашып, майда нерсе болсо да түшүндүрүш керек экен. Мисалы, мен балдарыма лекция окуп турам. Кадимкидей. Улуусу мектепте, калгандары кичинекей. Ишенсеңиз, лекциянын 90 пайызын түшүнүп, өздөрүнө сиңирип алышат. Аны жасабай койсок бизден талап кылышат. Демек, балага коркпой маалымат бериш керек деп ойлойм.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваШаакан Токтогул: "Үй-бүлө туюк маселе" деген жалпы түшүнүк бар да. Мен, мисалы, ички маселени сыртка жарыя кылгым келбейт. Эки эле адам өздөрү чечип алчу маселеге айрымдар кайын журт, төркүндү аралаштырып жиберишет.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Шаакан Токтогул: "Үй-бүлө туюк маселе" деген жалпы түшүнүк бар да. Мен, мисалы, ички маселени сыртка жарыя кылгым келбейт. Эки эле адам өздөрү чечип алчу маселеге айрымдар кайын журт, төркүндү аралаштырып жиберишет.

— Бири-бириңерди тергейсиңерби же эмне деп эркелетесиңер?

Шаакан: — Мен бу кишини мурда агай дегендиктен азыркыга чейин "сиз" деп айтам.

Мирхамид: — Атынан эле кайрылам. Кээде "балдардын апасы" дейм. Ал эми бу киши мени укмуш тергейт (күлүп). Кайдан билип алганын билбейм, атам кичинемде "тапанча" дечү. Бу киши да "тапанча" деп коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0