Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүЗалкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив
Залкар режиссер Болот Шамшиев жана актриса, Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү советтик актриса жана айтылуу режиссер Болот Шамшиевдин мурдагы жубайы Айтурган Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди.

Эске сала кетсек, залкар режиссер Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында оорудан каза тапкан. Ал "Кыргыз кино кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири. "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка белгилүү кинолорду ийине жеткире тарткан.

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүАйтурган Темирова Казакстандын "Снайперлер" тасмасына тартылып атагы чыккан. Кийин Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланган.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Айтурган Темирова Казакстандын "Снайперлер" тасмасына тартылып атагы чыккан. Кийин Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланган.

Ал эми Айтурган Темирова "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Эрте жаздагы турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан" "Фудзиямадагы кадыр түн", "Снайперлер" жана башка тасмаларда көрүнүктүү ролдорду аткарган.

Шамшиевге жубай болуп, кыргыздын сүймөнчүктүү актрисасына айланган Темирова учурда экинчи жолдошу менен Чехияда турат.

— Болот аганын каза тапканы бүтүндөй кыргыз элине, анын ичинде сизге катуу тийгени айтпаса да белгилүү. Азыр өзүңүздү кандай сезип калдыңыз?

— Албетте, оор болду. Ал киши менин тунгуч режиссерум, мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы эле. Болоттун ооруп жатканын угуп Чехиядан учуп келдим. Бирок мен келген учурда жандандыруу бөлүмүндө экен, сүйлөшө албай калдык. Ошол боюнча үзүлүп кетти. Ооруканага барганда колунан кармап, өзүмдү токтото албай ыйлап жибердим. Үч күн катуу кайгырып, экөөбүз баштан өткөргөн бардык күндөрдү эстедим. Биз чогуу жашабасак деле оюбузда бирге болдук. Ал-жайыбызды билип, бала-чакабызды сурап байланышып турчубуз. Майрамдарда жолугушуп, ал аялы менен, мен Павел менен бир чоң үй-бүлөдөй отурчубуз. Мен негизи эле Болоттун бардык аялдары менен жакшы мамиледе болгом. Азыркы жубайына ыраазымын. Жакшынакай бир кыз, эки уул төрөп берип, өмүрүнүн акырына чейин жанында болду. Анын балдарынан Шамшиевдей режиссер чыгат деген үмүт чоң.

© Фото / Александр ФедоровТемированын биринчи жолдошу белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев болгон. Жубайлар бир уул, бир кызды тарбиялашкан.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Темированын биринчи жолдошу белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев болгон. Жубайлар бир уул, бир кызды тарбиялашкан.

— Буга чейин маектерден Шамшиев 29 жыл кино тартпай калганына өкүнүп, тирүү кезинде пайдалана албай калганыңызды айткансыз. Аны менен иштешкен актриса катары башка режиссерлордон бөтөнчө сапаттарын айтып берсеңиз.

— Азыр профессионалдуу деңгээлде тартылган тасмалар жок. Таланттуу режиссер, актрисалардын саны да аз. Бирок кишини көчөдөн алып келип деле артист кылса болот. Болоттун артыкчылыгы ушунда болчу. Ал адамдардын актерлук дараметин сезе билген. Жөн эле сезип койбой, аларга актерлуктун сырын үйрөткөн. Мисалы, Сүймөнкул Чокморовду алалы, ал Шамшиевдин тартылган тасмаларынан фестивалдардан олжолуу кайтып, "Эркектин мыкты ролу" наамын алган. Өзү келишимдүү, сулуу чумак киши болгону менен башка режиссерлер талантын көрө албай пробага эле түшүрүп көрүп, кое берип жиберишчү экен. Болот анын жан дүйнөсүн түшүнө алды. Кийин анан Сүймөнкул башка режиссерлорду да кызыктыра баштады. Болот башка артисттердин да, анын ичинде менин талантымды ача алды.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт... Болот Шамшиевдин акыркы маеги. Аудио
Болот керемет тасмалары менен Кыргызстанды дагы бир ирет дүйнөгө таанытат деген оюм бар эле. Бирок аны эч ким колдогон жок. Ушундай гений, таланттуу адамдарды көрө албагандар көп болот экен. Каражат бөлүнүп, тасма тартканга мүмкүнчүлүк түзүлбөсө дагы кино академия ачып беришсе болмок. Ал жактан бир топ өнөрпозду тарбиялап чыгарып бермек деп ойлойм. Мамлекет эмес, ага меценаттар дагы көңүл бурбады. Илгери биздин киного карата "кыргыз керемети" деген сыпаттама айтылчу. Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев тарткан тасмалар фестивалдан байгесиз кайтчу эмес. Жылына сапаттуу делген үч-төрт кино чыкчу. Башка мамлекеттер ондон ашык тасма тартып, орундарга илинбей калар эле. Сынактарга барганда "кыргыздар келди" деп коркуп турушчу. Коңшу мамлекеттерде мыкты студияларга ээлик кылганы менен таланттуу режиссерлор жок болгондуктан биздикилерди чакырып, тарттырып алышар эле. Бул нерселер кийин бааланбай калганы өкүндүрөт. Сүйүндүргөнү — Болот мурас катары кайталангыс тасмаларын калтырып кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековТемирова: Болот адамдардын актерлук дараметин сезе билген. Ал башка артисттердин да, анын ичинде менин талантымды ача алды.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Темирова: Болот адамдардын актерлук дараметин сезе билген. Ал башка артисттердин да, анын ичинде менин талантымды ача алды.

— Азыркы актрисаларга кандай баа бересиз?

— Чынын айтсам, учурдагы кинолорду деле көрбөйм. Кээде Кыргызстанга келгенде телевизордон кокусунан сериалдарды көрүп калам. Тасмалар коммерциялык негизде тартылып калыптыр. Анан менин байкаганым боюнча, азыр ырчылар артист болуп кетиптир.

Чыныгы актриса катары Жамал Сейдакматовага, Назира Мамбетовага жана Гүлсара Ажыбековга баа берем.

— Алар сиз курактуу актрисалар, дагы деле киного тартылып жүрүшөт. Сиздин тасмага түшө элегиңизге бир топ убакыт болду окшойт, кайрадан тартылат белеңиз?

— Соңку ирет 2003-жылы Геннадий Базаровдун "Карагыз" киносуна түшкөм. Азыр эми карыдым. Бирок каалоом бар. Жакшы режиссер, сценарий болсо, албетте, тырышып тартылмакмын. Кыргыз жана казак кинолоруна чакыруулар түшүп турат. Бирок нервимди, убактымды майда-чүйдө коммерциялык тасмаларга короткум келбейт. Мага андан көрө неберелерим, үй-бүлөм менен эс алган артык.

© Фото / из личного архива Айтурган ТемировойСүрөттө Болот Шамшиев жана анын балдары Сүйүүтай менен Чыңгыз
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Сүрөттө Болот Шамшиев жана анын балдары Сүйүүтай менен Чыңгыз

— Ажырашкан жубайлар ортосунда таарыныч, ыза калып калса керек деп ойлой берем. Болот байкеге карата да ичте айта албай калган сезимдериңиз болдубу?

— Биз расмий түрдө төрт жылдан кийин ажырашканбыз. Ага чейин бирге жашаган жокпуз. Ал бул убакытта эки ирет үйлөндү. Айрым аялдар ажырашкандан кийин күйөөсү тууралуу жакшы сөз айтпайт. Менде таарыныч болгон жок, аны да түшүнөм. Өнөр адамдарынын турмушунда өзгөрүү болуп турушу керек. Мен ага актрисалык да, жубайлык да милдетимди аткарып, 25 жыл музасы болдум. Ойлоп көрсөк, атактуу көп адамдардын турмушунда, ошол эле акын-жазуучу, сүрөтчүлөрдүн канчалаган сүйүүлөрү болгон. Мүмкүн андай муза болбосо белгилүү чыгармалар жаралбай калмактыр.

Шамшиевдердин үч мууну: акын, режиссер, экономист. 32 жыл мурунку таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шамшиевдердин үч мууну: акын, режиссер, экономист. 32 жыл мурунку таберик сүрөт
Шамшиевди деле түшүнүш керек. Советтер Союзу ураганда ар ким өз турмушу менен алектенип калды. Мамлекет өнөр адамдарын колдобой, жетим баладай таштап койду. Анан Болот туристтик фирмасын ачты. Ошондон түшкөн акчага кино тартам деп жүргөн. Бөтөнчө "Манас", "Семетей", "Сейтекти" трилогия кылып тартам дечү. Ишкерлик менен алектенсем эле акча күркүрөп түшүп, тасманы биринен артынан бирин чыгарам деп ойлогон. Бирок бизнеси жакшы болбой кыйналды. Ошол убакта менин жардамым, колдоом болбой калды. Себеби ишкерликти түшүнчү эмесмин. Киного тартылбай калганда балдарды карап үйдө эле отуруп калгам. Жумуштары менен жүрүп башка бир музасын таап алды (күлүп). Бирок мамилебиз жакшы болоруна ишенип, аны күтүп жүргөм. Агезде кызым турмушка чыгып, неберелүү болуп калгам. Ал арада Болот экинчи жубайын таап алды.

© Фото / из личного архива Айтурган Темировой Айтурган Темирова 20 жылдан бери Чехияда жолдошу Павел менен турат
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Айтурган Темирова 20 жылдан бери Чехияда жолдошу Павел менен турат

— Аялдарын көбү ажырашкандан кийин турмушка чыкпай, өзүн бала-чакасына арнап салат. Буга канчалык бир деңгээлде менталитет да себеп го. Көбүнчө өзүн ойлоп, баалаган аялдар кайрадан турмушка чыгат экен. Менимче сиз ушундай адамдардын катарындасыз?

— Экинчи ирет турмушка чыгам деген оюм жок болчу. Кызым окуусун бүтүрүп алсын деп неберемди багып жүргөм. Өз балдарым төрөлгөндө жаш болгондуктан көп деле энелик мээримге маани бербептирмин. Неберелер өтө таттуу болот экен.

Тааныштардын коногуна барганда азыркы жолдошум Павел менен көрүшүп калдым. Ал ошол убакта Кыргызстанда иштеп жүрүптүр. Кесиби геолог, ири илимий даражалары бар киши. Мени биринчи жолугушууга "ден соолугумду текшерткенге доктур таап бериңизчи" деген шылтоо менен чакырган. Эл "Темирова чет өлкөлүк киши менен отурат" дебесин деп, сиңдимди ээрчитип алгам. "Бирөө бир нерсе десе сенин жигитиң деп коебуз" деп тамашаладым.

Внучка Сагынбая Орозбакова Келсинбубу Кадыркулова - Sputnik Кыргызстан
Сагынбай Орозбаковдун эки кызы туттугуп өлгөн. Манасчынын небереси менен маек
Шамшиев агезде экинчиси менен жүрүп кеткен болчу. Анан Бириккен Араб Эмирлигине элчи болуп кетмек экен. "Аялыңыз Темирова экен" деп Аселге паспорт бербей коюшат. Болот ажырашууга арыз жазып бер деп суранды. Арызды жазып берсем, сот өзү келиши керек дептир. Барсак эмнеге эки жолго түшүп жатканыбыздын себебин анкетага жазышыбыз керектигин айтышты. Болот мени карап эки тараптын чечими менен деп жооп берди. Сот "ой ушундай да болобу, адатта так бир себеби жазылат" деп башын чайкаган. Ушуну менен бүттү го деп чыгып баратсам, Болот "Айтурган, сот менен дагы сүйлөшүп берчи. Асел менен үйлөнүп, бир жуманын ичинде кетишибиз керек, ажырашкандан кийин үч ай күтүш керек экен" деди. Сотко кирип "ай, каяктагы үч ай, биз төрт жылга жакын убакыттан бери жашабайбыз" десем, "артисттер" деп дагы башын чайкаган. Эшикке чыксам Асел "Айтурган эже, рахмат" дейт. "Эч нерсе эмес, бактылуу болгула" деп койдум. Тамашалап тигилерге "ажырашканыбызды жууп үйгө кирип чай, шампан ичпейлиби" десем, "жок, рахмат, ТИМге шашып жатабыз" деп кетишти. Түшүнбөйм, ошондо бир кызык болуп кеттим. Азыр кайрадан жашайлы десе мен макул болбосом керек, себеби көп жыл өтүп кетти. Экинчиден Павелге көңүлүм бурула баштаган. Павел ошол күнү кечки тамакка чакырды. Андан мурда ажырашууга кеткенимди айткам. Отурсак көзүмдүн жашы өзү эле агып кетти. Анан жаман болуп, токтоно албай ыйладым. Павел "сен аны ушул убакка чейин жакшы көрөсүңбү" деп таң калып карады. Ага "билбейм, мага сүйлөбөй турчу, азыр ыйлап алайын" деп маңдайдагы виномду алып жибердим. Ошол жактын балконуна чыгып алып аябай ыйладым. Болот менен төрт жыл ажырашпагандан кийин көңүлүм ток болчу. Эки жолго түшкөндөн кийин жип үзүлүп кеткендей болду. Менин бала чагым, жаштыгым, турмушум кайык менен кетип калгандай сезилди...

© Фото / из личного архива Айтурган ТемировойТемирова: майрамдарда Болот аялы менен, мен Павел менен бир чоң үй-бүлөдөй отурчубуз
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Темирова: майрамдарда Болот аялы менен, мен Павел менен бир чоң үй-бүлөдөй отурчубуз

— Павел мырза колуңузду канча убакыттан кийин сурады. Муну балдарыңыз кандай кабыл алды?

— Павел бир айдан кийин үйлөнүү сунушун киргизди. Ал убакта ата-энемдин көзү өтүп кеткендиктен балдарымдан колумду сурашын айтып, алар эмне десем ошого макул экенимди билдирдим. Таенем аял киши турмушта жалгыз болбошу керек, күйөөсү жок элге аралашуусу кыйын болот дечү. Аны мен жон терим менен сездим. Шамшиев менен жашабай калганда баягы дос-теңтуштар жоголуп кетишти, курбуларым күйөөлөрүн кызганып конокко чакырбай калды, жабышкан эркектер да болду. Ошентип эки жыл эч жакка чыкпай үйдө эле отуруп калгам. Журналисттерге маек бергенден да баш тарткам. Павел колумду сураганда ушул нерселер ойлондурду. Ал келип балдарым менен сүйлөштү. Мени укпасын дештиби англис тилинде бир сааттай баарлашышты. Анан кызым "биз макулбуз, бул жакшы киши экен, атам дагы, сиз дагы бактылуу болушуңуз керек" дешти. Павелдин да мен сыяктуу бир уул, бир кызы бар экен. Биринчи жубайы менен ажырашкан экен. Мындай караганда, Павел менден жаш бирөөнү деле алса болмок да. Агезде экөөбүз тең 45терге чамалап калганбыз. Ал менден чыныгы аялды, энени көргөнүн айтып, жакшы адамсың деди. Анын да адамдык сапаттары бийик. Оор кезде кудай мени аяп, ушул кишиге жолуктурду деп ойлойм.

© Фото / Айтурган ТемироваТемирова: жакшы режиссер, сценарий болсо, албетте, тырышып тартылмакмын. Бирок убактымды майда-чүйдө коммерциялык тасмаларга короткум келбейт.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Темирова: жакшы режиссер, сценарий болсо, албетте, тырышып тартылмакмын. Бирок убактымды майда-чүйдө коммерциялык тасмаларга короткум келбейт.

— 20 жылдан бери Чехияда жашайт экенсиз. Ал мамлекетте шарттар жакшы болгону менен туулган жер алмашкыс болсо керек. Кыргызстанга келейин деген оюңуз барбы?

— Жашың бир топко келип калганда чет мамлекетте жашоо оор эле экен. Башында көнө албай жүрдүм. Азыр да тоолорду көрбөй, кыйналып кетем. Албетте, адам жашоосу үчүн шарттар жакшы каралган. Бирок ал жакта мамиле такыр башкача. Элүү жыл кошуна жашагандар бири-бирин билбейт. Эгер кофеге чакырышса, столдо кофе эле болот. Биз мейман чакырганда тамактын түрүн жасап, дасторконду жайнатабыз. Мындайда чет элдиктер өзүн ыңгайсыз сезип, милдеттүүдөй болушат. Жолдошум экөөбүз майрамдарда эки элдин каада-салтын бирдей алып жүргөнгө аракет кылабыз.

Мен мекенге биротоло кайтып келишим үчүн күйөөмдү таштап коюшум керек болот. Кыргызстанда жайкысын эс алууга келип турабыз, өзүбүздүн үйүбүз дагы бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековАктриса 40тан ашууну тасмада роль жаратып, 1987-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 2001-жылы КРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым - Sputnik Кыргызстан
Актриса 40тан ашууну тасмада роль жаратып, 1987-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 2001-жылы КРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.

— Өз курагыңыздан жаш жана сымбаттуу көрүнөсүз. Сыры эмнеде?

— Биринчи кезекте адамдын ички дүйнөсү таза болушу керек. Таенем кайгырсаң тез картайып, көзүңдүн нуру кетет дечү. Саякатка барганда монах аялдын жүзү ак, көздөрүнүн ичи саргайбай таза экенин байкайм. Себеби алар ар убак сыйынып, жакшы ой менен жүрүшөт. Мен жамандык кылган адамдарды каргабайм. Себеби ага акым жок, кудай өзү таразалайт. Адамдар менен урушуп кетсем күнөөнү өзүмдөн издей берем. Курбуларым тамашалап "Айтурган менен урушкандан пайда чыкпайт, ал эртеси эле сүйлөшүп кеткенди билет" дешет.

Тукумдан да болсо керек, атам жактагылардын бойлору бийик адамдар. Тамакты ылгабайм. Бирок досторум тамакты аз ичесиң деп калат. "Снайперлер" киносуна тартылуу учурунда ашказаныма суук тийип, үч ирет операция болгом. Мага операция жасаган хирург Эрнест Акрамов "ичегиң жаш баланыкындай ичке экен" деп таң калган. Батышынча гана тамак жегендиктен да салмак кошпосом керек. Азыр кичине толоюн деп күйөөм менен фитнеске бара баштадым. Негизи эле жашообуз активдүү. Кышында лыжа, жайкысын велосипед тебебиз, таза абада басабыз, спорт залга барып турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0