16:26 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (146)
909 0 0

Окумуштуулар учурда изилдөөлөрдү аягына чейин чыгарып бир бүтүмгө келе элек, бирок эркектердин вируска чалдыгуу ыктымалдыгы жогору экенин айтышууда.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россиялык вирусологдор коронавирус аялдарга караганда эркек кишилер үчүн көбүрөөк коркунучтуу экендигин айтышты. Бул туурасында "Известия" жазды.

Россиялык адистердин пикирине караганда, эркектер эки себептен улам аталган вирусту көбүрөөк жуктуруп алышы мүмкүн. Алар чылымды көбүрөөк чеккендиктен, өпкөсү аялдарга караганда көбүрөөк кагынат. Тагыраагы, вирус тез өрчүп кетет. Аны менен катар эле генетикалык жактан алганда оору оор өтөт.

Дагы бир фактор — аялдардын социалдык жактан активдүүлүгүнүн аздыгы аларды кооптуу патогенди жуктуруп алуудан коргойт.

Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы февралдын башында ооруканада каза тапкан 425 адамдын жынысын жана жаш курагын анализге алган. Коронавирус жугуп көз жумгандардын үчтөн экиси эркектер экендиги аныкталган.

Россиялык Эл достугу университетинин медицина институтунун профессору, жугуштуу оорулар, эпидемиология жана фтизиатрия кафедрасынын башчысы Галина Кожевникова эркектер вирустук инфекциянын көбүрөөк курмандыгы болорун айткан. Мисалы, Капоша саркомасы (VIII типтеги учуктан улам пайда болгон терини жабыркаткан залалдуу оору). Окумуштуу коронавирус жуккан учурда бул гипотеза болуп эсептелип, олуттуу мамиле жасалган негиздемени талап кыларын кошумчалады.

Россиялык бир катар аттуу-баштуу вирусологдор Ухандагы өлгөндөрдүн көбү эркектер экендигине башкача түшүндүрмө берди. Бул ири алдыда Кытайдагы эркектердин социалдык жактан активдүү экендигине байланыштуу дешти. Маселен, алар дайыма кол алышып, бири-биринин колун кысып турушарын белгилешкен.

Анткен менен басылмада оорунун жыныска карата жугат деп статистикага таянып жана социалдык активдүүлүккө шылтап коюу катачылык болуп калары белгиленген.

Дүйнөдө эркектердин орточо жашы 67,5 жыл деп эсептелип, аялдардыкына караганда (77,6) аз болорун эске алуу ашыктык кылбайт.

Россия Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Нетёсов бул жагдайдан алып караганда жалаң гана эркектер ооруйт деген нерсе шексиз факт деп эсептебейт. Азырынча мындай ырастама жок экенин айтат.

"Мындай алып караганда, вирустук инфекциялардын баары эки типтеги адамдарга чап эле жабышат. Алар 5 жашка чейинки балдар жана 60тан ашып калган адамдар. Ал эми эркектер арасында коронавирустан өлгөндөрдүн көп экендиги боюнча айтсам, бул аныкталган тастыктама эмес, болгону тенденция", — деп айтты окумуштуу.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайдагы коронавирус 48,2 миң адамга жуккан, анын ичинен 1 310 адам көз жумган. Ал эми 3 441 киши айыгып, үйүнө чыкты.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (146)

Тема боюнча

Уханга коронавирус менен күрөшүүгө дагы 2,6 миң медкызматкер жиберилди
Кызыктай сезим тартуулайт. Кытайда коронавируска каршы жасалган иштердин видеосу
Белгилер:
Окумуштуулар, коронавирус, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ