"Апама барбайм!". Атасынын кайда экенин билбей түндөп издеп чыккан бала

Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн 12 жаштагы баланын түн ортосунда калаада көчөдө жалгыз калып калган окуясы тууралуу сөз болот.

... Жекшемби болчу. Кеңсеге келип, эми гана жумушумду баштайын деп жатсам досум чалып: "Кайдасың? Сага баратам, жалгыз эмесмин, "коногум" да бар", - деп калды.

Иса Өмүракунов балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
Адатта жекшемби күнү таң атпай мени издегенине караганда тынччылык эмес экенин аңдадым. Себеби сөз болуп жаткан досум укук коргоо органдарында иштечү.

Өзү менен кошо 10-12 жаштар чамасындагы окуучу баланы ээрчите келди.

Көрсө, досум ишемби күнү кечинде түнкү саат 12лер чамасында үйүнө келген коногун узатып сыртка чыкканда, аялдамада жалгыз олтурган баланы байкап калыптыр.

Эмне үчүн түнкүсүн жалгыз олтурганын сураса окуучу бала чочуркап сүйлөбөй коет. Алдап-соолап акыры кепке тартат. Көрсө, бала кайда барарын билбей аялдамада түнөмөй болгон экен.

Досум аны өзү жашаган батирине алып келип, курсагын тойгузуп, эмне себептен түн бир оокумда көчөдө калганынын жөн-жайын сурап билет.

Баланын айтымында, ата-энеси мындан бир канча жыл мурда ажырашып кеткен экен. Апасы менен таенесинин үйүндө жашап калышат.

Жаш экенине карабай апасы менен таенеси аны оор жумуштарга жумшап, ишемби күнү таенеси катуураак тилдеп койсо бала ызаланып, китеп салган баштыгын көтөрүп атасын издөө үчүн үйүнөн чыгып кетиптир.

Алгач атасын кайдан кантип табарын билбей, өзү окуп, жашаган Ош шаарындагы мектеп-интернатка барат. Бирок ишемби күнү интернатта окуу жок болгондуктан күзөтчү аны имаратка киргизбейт. Же жанында телефону жок, же атасынын кайда жашарын билбеген бала ишемби күндү кечке аялдамада ачка өткөргөн экен.

Ошол түнү досумдун үйүндө түнөйт. Эртеси жекшемби күнү эрте менен досум өзүнүн кесиптешин чакырып, баланы таенеси жашаган үйгө алып барууну чечет.

Дарегин таап, баланы алып барышса төрөгөн апасы чыгып, «баланын кереги жок, кайдан тапсаңар ошол жакка алып барып таштагыла» деп, досумдун кесиптеши экөө чырдаша кетет.

Өз канынан жаралган баласына күйбөгөн эненин бул кылыгына таң калган эки жигит баланын атасынын туугандарын издеп, бирок бала көрсөткөн дарек туура эмес болуп чыгат.

Ошентип эки жигит баланы кайда алып барарын билбей баштары катат.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми өзүмдү кор кылбайм! Балалуу келиндин багын ачкан дарыканачылар
Кантсе да журналист эмеспи, баланын өз атасын табууга жардам берер деген үмүт менен досум мага чалып, кеңсеге келгендегиси экен. Баса, жолдон келе жатып "журналист досум бар эле, ошол жардам берет" деп сүйлөшүшсө, бала "мени телеге, интернетке чыгарбай эле койгулачы" деп аябай сураныптыр.

Болгон окуяны мага түшүндүргөн соң баладан атасы тууралуу сурап баштадым. Же телефонун, же кайда жашай турганын билбейт.

Кесибиме байланыштуу маалыматты ыкчам тактоо жолдорун же бир адамдын телефон номерин, жашаган дарегин, ал тууралуу маалыматты таап, тактоону далай ирет өздөштүргөндүгүмдүн бул ирет пайдасы тийди.

Он минута өтүп-өтпөй баланын чоң атасы жашаган айылды тактай алдым. Ал айылдын айыл башчысын, мектеп директорунун телефон номерлерин издеп, алардан баланын атасынын бир тууган эжесинин номерин алдым.

Ал эже менен байланышып, атасынын номерин алып, окуя тууралуу айттым. Ал Ош шаарында эмес, Ош облусундагы райондордун биринде жашайт экен.

Бир аз күтө турушубузду суранып, уулун алып кетерин билдирди.

Бейтааныш бирөөлөр телефон чалып, уулу тууралуу айтканда ал тасмалардагы акча талап кылган кылмышкерлерди элестетип алган окшойт. Уулун алып кетүүгө жалгыз келбей, калаадагы милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүн кошо ээрчите келиптир.

Анысы досум экөөбүздү кимсиңер деп опурулуп, суракка ала баштады. Тергөөчүнүн бизге кылган мамилесине бир чети күлкүм келсе, бир чети ачууландым. Досум өзү да укук коргоо органдарында иштегендиктен тергөөчү менен ары басып сүйлөшүп келгенден кийин ал жумшарып, өзүнө келип калыптыр.

Баланын атасы жоопкерчиликтүү эле жигит көрүндү. Биринчи жубайы менен пикир келишпей эки ажырым жолго түшкөндүгүн, башка аялга үйлөнүп, балдары бар экендигин айтты. Бала атасын көргөндө кубанычы койнуна батпай, «апама барбайм» деп ыйламсырай баштады.

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айылдык аксакал ордунан тура калды... Маршруткадагы жүрөк жылыткан окуя
Атасы досум экөөбүзгө ыраазычылыгын билдирип, баласын колунан жетелей унаасын көздөй жөнөштү. Биз алардын артынан узата карап, бир чети аяп, бир чети ата-баланы табыштырганыбызга төбөбүз көккө жетти.

Досума аябай ыраазы болуп, ага болгон сый-урматым ого бетер ашып-ташып жатты. Эркек эмес, аял кишилер өз баласын батырбай үйүнөн кууп жатканда чоочун баланы өз баласындай сүйүп, ал үчүн кам көрүп, кабатырланып, жемшемби күнгө карабай баланын туугандарын издеп, күйүп-бышканы мени аябай кубантты. Себеби ал өзү да ата. Сүйкүмдүү кыздын сүйүктүү атасы. Ушул жигиттей болгон досум бар экенине сыймыктанып бүтпөй келем.

Ошол окуядан бери эки жыл өттү. Бирок эстеген сайын жүрөгүм жылып, жашоодо жакшы, боорукер, мээримдүү адамдар бар экенине тымызын сүйүнүп коем.

Жарыгыбызды чача жүрөлү!..

Жаңылыктар түрмөгү
0