Бишкектиктер ушундай асмандын алдында жашады. Сүрөттөр

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки маалыматтарда ири шаарларда абанын кыш мезгилинде булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратары айтылган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Фотограф Михаил Дудин 2019-жылдын ноябрынан быйылкы жылдын январына чейин Бишкек шаарында квадрокоптер менен асмандан тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Дудин сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Дудин (@mikedudin)

"Бишкек шаарындагы ноябрдан январга чейинки ыштын сүрөтү. Азыр ал тартылып калды — шамал өзгөртүп, жамгыр жаап жатат. Абал кыштагыдай олуттуу болбой баратат. Эми бул ыш ноябрда кайтып келет. Быйыл бул абалдан чыгуу боюнча эч кандай деле аракет болгон жок", — деп жазган Дудин.

Сүрөттөргө дата коюлган. Алар төмөнкү жерлерден тартылган:

13-ноябрь — Асанбай кичи району;

  • 17-ноябрь — Таштар-Ата тоосу;
  • 29-ноябрь — панорама;
  • 1-декабрь — Жеңиш аянты;
  • 17-январь — Асанбай кичи району;
  • 18-январь — Воронцовка айылы;
  • 20-январь — Батыш автобекет аймагы;
  • 31-январь — Аламүдүн айылы.

Глава группы по эксплуатации и развитию автомобильной газонаполнительной компрессорной станции Газпрома Русланбек Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кадыралиев: автоунааларды газга өткөрсөк шаардын абасы тазарат
Буга чейинки маалыматтарда ири шаарларда абанын кыш мезгилинде булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратары айтылган. Адистер кара түтүн өпкөдөн ылдый жайгашкан көк боор, ашказан, өт, сокур ичеги, түз ичеги сыяктуу органдардын ишин бузарын айтышкан.

Айтмакчы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырган. Экологияны бузуп жаткан булактардын конкреттүү тизмесин аныктоону, буга илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет экендигин айткан.

Өкмөт башчы биринчи кезекте калктуу конуштарды газдаштыруу жана автоунааларды дагы газга өткөрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0