15:05 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3371 0 0

Кез-кезде, олуттуу себеп болгондо 1-2 бокал шарап ичип коюунун эч коркунучу жок. Бирок мындай "көңүл ачуулардын" аралыгы канчалык жакындаган сайын ошончолук көйгөй жарала баштайт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Аялды акырындап аракечтикке тарткан ичимдиктер — сыра менен шарап. Бул тууралуу россиялык нарколог жана психиатр Игорь Лазаревге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бул экөөндө тең спирттин өлчөмү азыраак болгондуктан, аял киши зыянсыз деп иче берип, кантип ансыз жашай албай калганын өзү сезбей калат.

Албетте кез-кезде, олуттуу себеп болгондо 1-2 бокал шарап ичип коюунун эч коркунучу жок. Бирок мындай "көңүл ачуулардын" аралыгы канчалык жакындаган сайын ошончолук көйгөй жарала баштайт.

Бирок дээрлик бардык адамдар дарыгерге оорунун экинчи стадиясында, тагыраагы, токтоно албай жумалап, айлап ичип, колу-буту калтырап калганда кайрылат.

"Аракечтиги өтүшүп кеткен адамды, өзгөчө аял кишини толугу менен дарылоо дээрлик мүмкүн эмес. Айрым адамдар 10, керек болсо 20 жыл ичпей жүрүшү мүмкүн. Бирок бир баштап алса, баягы эле таз кейпине түшөт", — деди дарыгер.

Ошондой эле адис кыз-келиндерди аракечтиктен дарылоо алда канча татаал экенин кошумчалады. Анткени коомчулук тарабынан аялдын ичиши оор кабыл алынгандыктан, тааныштардын сын көз карашы, кемсинтүүсү бир топ тоскоолдук жаратат.

Тема боюнча

Ичкилик мээнин салмагын азайтып, тез карытат. Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы
Кантээр экенбиз? Окумуштуулар эт ден соолукка зыян келтирерин айтышты
Белгилер:
ден соолук, Окумуштуулар, ичимдик, аял

ЭҢ МААНИЛҮҮ