Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Россиянын ЖОЖдору кыргызстандыктар үчүн бюджеттик орундарды бөлдү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Россиядан билим алууга кызыккан кыргызстандыктар көбөйгөнүн белгиледи. Бул факторду эске алуу менен кыргызстандыктар үчүн квоталар бөлүнүп турарын кошумчалады.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жарандардын Россиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик формада билим алуусу үчүн квоталар былтыркыга салыштырмалуу азайбайт, тескерисинче, көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эл аралык кызматташуу маселелери" аттуу видеокөпүрөгө катышты.

"2019/2020-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн 370 бюджеттик орун бөлүндү. Эки өлкөнүн кызматташуу тенденциясы белгиленди. Ага ылайык, квотанын саны кыскарбайт, тескерисинче, өсүшү мүмкүн", — деди министр.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна жаңы төрага дайындалды
Фальков Россиядан билим алууга кызыккан кыргызстандыктар көбөйгөнү боюнча дагы кеп кылды.

"Россиядагы кыргызстандык студенттердин саны эки өлкөнүн тыгыз байланышын көрсөтүп турат. КРдин жаш мууну РФ университеттеринде билим алууга кызыгып жатышат. Ушул факторду эске алуу менен кыргызстандыктар үчүн квоталар бөлүнүп турат", — деди министр.

Ал ошондой эле Россиядагы жогорку окуу жайлардын чет элдиктер үчүн өзүнчө дагы атайын программасы бар экенин белгилеп өттү.

"Эгер таланттуу студент россиялык жогорку окуу жайга тапшыргысы келсе анда алар үчүн атайын өзүнчө программа бар. Ага ылайык, университет студенттин чыгымдарын мойнуна алат", — деди Фальков.

Буга чейин Фальков Россиянын окуу жайларында канча кыргызстандык билим алып жатканы боюнча маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0