Транспорт министринин орун басары камакка алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБТранспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев соттун чечими менен 8-апрелге чейин камакка алынды
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев соттун чечими менен 8-апрелге чейин камакка алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министрдин орун басары УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жаткан учурунда кармалганы айтылган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев соттун чечими менен 8-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Унаанын директору Козубаев кызматтан алынабы? Абылгазиевдин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Унаанын" директору Козубаев кызматтан алынабы? Абылгазиевдин жообу видеодо
Мындай чечим 8-февраль күнү кабыл алынган. Ногойбаев менен кошо кармалган Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратовго дагы ушундай эле чечим чыккан.

Эки аткаминер тең УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Министрдин орун басары УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жаткан учурунда кармалганы айтылган. Ошол эле күнү агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратовдун пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0