Ак жарык. Бейтааныш кишини бычак мизинен куткарган тракторчу

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет.

Бул окуя Ош облусунун Кара-Суу шаарында жай мезгилинде болгон. Ал кезде Өзбекстан аркылуу Оштон Жалал-Абадга машина менен жарым саатта эле жетчүсүң. Жумуштар менен түштүк борборго жолум түшүп калды. Эки күндө бардык пландалган ишти аткарып, Кара-Сууга барып чече турган бир эле маселе калган. Тийиштүү документтерди камдап, зарыл болгон уруксат кагаздарын бекиттирип алыш үчүн Ошко чыктым.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми өзүмдү кор кылбайм! Балалуу келиндин багын ачкан дарыканачылар
Мага зарыл тармакты тескеген аткаминер сыртта экен, ал эми мага анын кол коюп бергени эле жетиштүү болчу. Жумуш күнү аяктап бараткан, облустук администрациянын ашканасынан шам-шум этип алайын дедим. Ноокаттык бир байке менен чогуу отуруп калдык. Ошол киши мен издеген департаменттин жетекчиси Жалал-Абадда экенин, эртең менен бир иш-чарага катышарын айта калып жатпайбы...

Аны уккан мен кийим-кечем менен сумкамды алайын деп кайра артка — Кара-Сууга кайттым. Ошто көтөрүп кыйналбайын деп калтырып койгом да жүгүмдү. Жаткан жериме жетип, Кара-Суудагы майда-барат иштерди чечкенче кеч кирип кетти. Жалал-Абадга кетчү машиналардытоскон жер шаардын аркы башында эле. Оор сумкам менен сүйрөлүп ал жакка жеткенче түн бир оокум болду. Шаар аралык кан жол үйлөрдөн кыйла эле ыраакта экен. Орточо бир-бир жарым саат унаа күтүп турдум. 90-жылдары машиналар сейрек каттачу эмес беле.

Зериккенден ошол кездеги түтүк тамекиден түтөтүп тургам. Тамеки анда табылгыс, табылганы кымбат. Заводдо тамеки жасоого пайдаланылчу түтүктөрдү базардан сатып алар элек. От менен түтүн жанагы балдардын көңүлүн бурса керек... Эки караан эле караңгыдан чыга келип, жаныма жакындашты. Учурашып, бир-эки кеп айтып, унчукпай туруп калышты. Алар да менчилеп машина тосуп турушкан өңдөнөт. 15 мүнөттөй өткөн соң эле экөө бир аз жыла “бул баланын сумкасы аябай чоң экен" деп өз ара кобурашканын кулагым чалып калды.

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айылдык аксакал ордунан тура калды... Маршруткадагы жүрөк жылыткан окуя
Капыстан эле алар дароо бурулуп, мени чакырышты. Эки жигит түз эле мени карай келе жатты, биринин колундагы бычактын мизи жарк дей түштү. Сумкага кызыгышты окшойт, которо турган кийим менен бут кийимден башка баалуу эч нерсе жок го деген ой келди мага. Коргонуу үчүн жерден таш алууга колумду узаттым. Тап берели дегендей тигилер жай басышат.

Кайдан-жайдан дырылдаган катуу үн угулуп, жарыгы көздү уялтты... Бурулуштан пахта жүктөлгөн чиркегичи бар трактор келе жатат. Жанагы экөө селдейе түшүштү да кыйкыра мага атырылышты.

Тракторист токтобостон эле бир аз жайлап чиркегичке секир дегендей мага сигнал берди. Болгон күчүм менен сумкамдын боосун тартып алдым да чуркап жөнөдүм. Ошол беш-он метр мага бүтүндөй марафон сымал сезилди. Күшүлдөп-бышылдап бир аз ылдамдаган трактордун темир бортуна жетүү үчүн чуркадым. Чиркегичке секирип мамыктай аппак пахтага түшүп калдым да, кериле бир дем алдым...

Канча жүрдүк билбейм, бирок эсиме келип, айланага көз чаптырганымда көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. "Караңгы түштүк түндөрү" деп ойлондум да кабинага жакындадым. Тыкылдата токтотуп коюусун өтүндүм. Айдоочу өзбек тилинде: "Камсанаба, бир аз жата тур, иним, аз калдык", — деп койду.

Пахтага жатып, чиркегичтин термегени, трактордун бир калыпта дырылдаганы мени уйкуга салды. Трактор бир короого кирип токтоду. Айдоочу мени өз үйүнө алып келиптир, ойготуп, үйгө кирүүгө чакырды. Дасторкондо жупуну кечки тамак — эт кошулбай басылган палоо жана нан чайы менен турат. Кожоюн үндөбөстөн чай куюп, тарелканы мага узатып: “Аштан ал, иним", — деп коюп чыгып кетти. Көрсө, ал мага өзүнүн кечки тамагын бериптир. Бир аздан кийин баш багып, мени жеңил матрасы, аппак шейшеп салынган жалгыз керебет турган бөлөк бөлмөгө киргизди.

Иса Өмүракунов балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
Таң атпай баланын күлкүсүнөн ойгонуп, кийинип алып короого чыктым. "Мейманыбыз абдан сүйкүмдүү экен, Фрунзеден окшойсуз", — деди кожойке пахта бутагы төгүлгөн короону шыпырып жатып. Төшөгү али жыйыла элек, сынайын деп калган жыгач диванды тегеректей ойногон жети чакты майда бала жүрөт. Ошондо гана мени куткарган тракторчу үй-бүлөсүн короого жаткырып, мага үйдөгү бөлмөсүн бошотуп бергенин аңдадым...

Аялы мага чай берип, жолго узатты. "Иним, атабыз этият болуңуз деп айтып коюну өтүндү", — деди коштошордо үйдүн кожойкеси…

Бир топ жылдан кийин ал айылга барганымда мени куткарып калган ошол тракторчуну табайын дедим. Бирок коңшуларынын айтымында, Россияга көчүп кеткенине көп болуптур... Кайда жүрсө да, эр жүрөк, кең пейил киши эч жамандыкка кабылбас деп ойлойм. Алкыш сага, тракторчу аке!

Жаңылыктар түрмөгү
0