Уйлар кандын рагына кабылып айлабыз кеткен. Бишкектик окумуштуу менен маек

© Sputnik / Эркин СадыковКыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл жергесинде бир уй бир үй-бүлөнү бага алат. Болгону асыл тукум мал алып, аны туура багуу жолдорун үйрөнүш керек.

Мындай оюн Sputnik Кыргызстан редакциясына Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев айтты. Баса, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков дагы уй чындан эле үй-бүлөгө жакшы киреше алып келерин кеп кылган.

Мындан улам 50 жылдан ашык уй багуу тармагын изилдеген окумуштуу Кыдырмаевден канткенде уй эттүү дагы, сүттүү дагы болорун, андан кантип пайда көрүү керектигин сурадык.

— Азыр көпчүлүк фермерлер сүттү көп берет деп аябай акча жумшап, чет өлкөдөн уйларды алып келип жатат. Кыргызстанда мурда багылган уйлар сүттүү эмес беле?

18-я Российская агропромышленная выставка Золотая осень - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
— Мурда Кыргызстанда уйлар кандай сүт бергенин айтсам, азыркыларга жомоктой сезилиши мүмкүн. Советтер Союзу учурунда Кыргызстан сүт саап алуу боюнча 15 өлкөнүн ичинен 5-орунга чыккан. Мен Сокулук районундагы "Тажрыйба" чарбасын жетектечүмүн. Ал жакта "Ала-Тоо" тукумундагы уйлар багылчу. Алгач ар бир уйдан күн сайын 32-35 литр сүт саап алчубуз. Кийин илимдин жардамы менен бир уй күнүнө 50 литрден сүт бере баштаган. Бул рекорддорубузду Москвада көрсөтүп, бүткүл союз менен тажрыйба бөлүшкөнбүз. Өткөндө интернеттен бир жаңылык окудум, кайсы бир өлкөдө Голштин породасындагы уй 51 литр сүт берип, рекорд койду деп жар салышыптыр. Биздин уйлардан ондогон жылдар мурун эле ушунча сүт алчубуз.

— Азыр сиз айтып жаткан "Ала-Тоо" тукумундагы уйлар барбы?

— Бар, бирок көпчүлүгү "майдаланып" кеткен. Бул тукум 1950-жылы жергиликтүү инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып чыгарылган. Сүттүү дагы, эттүү дагы. Тоо, талаа шартына ыңгайлашкан. 1990-жылдары колхоз-совхоз тараганда, мал үлүшкө берилип кетпеди беле. Ошол уйлардын тукуму элдин колунда. Бирок ал асылдыгын сактап калыш үчүн таза кандуу бука менен аргындашышы керек. Ал эми көбүрөөк сүт алуу үчүн жайыттын чөбүнөн тышкары, короодо витаминдүү тоют жеши керек. Мунун баары болмоюнча сапатты сактап калуу мүмкүн эмес. Муну бардык эле жарандар биле бербейт. Айылда таң атпай бадага кошуп ийишет, ал ар кайсы жагынан айдоо болуп калган тар жайытта курсагы тойсо тойду, тойбосо жок, күнгө какталып, акактап келет. Жемди деле күндө берип жаткандар саналуу гана. Мындай шартта чака-чака сүт алам деп үмүт кылбаш керек. 

© Sputnik / Эркин СадыковКыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев
Уйлар кандын рагына кабылып айлабыз кеткен. Бишкектик окумуштуу менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев

— Азыр чет өлкөлөрдөн алып келген уйларды баккандар "бара-бара сүтү азайып кетти" же "торпок кезинде алгам, кийин кыйратып деле сүт берген жок" деп айткандар бар. Ошондо буларга багуусу жарашпай жатабы?

— Анысы дагы бар. Бирок негизги себеп дүйнө жүзү боюнча сүттүү уй катары белгилүү Голштин породасындагы уйлар биздин тоолуу шартта жакшы жашай албайт. Мисалы, Чүйдүн Байтик айылынан тартып эле дем алуусу кыйындап, кычкылтек жетишпей калат. Эми Кыргызстандын башка тоолуу аймактарын элестетип көргүлө. Анан, албетте, өзүнө жетиштүү нерселерди ала албаса, сүт азаят да. Экинчиден, бул уйлар үч тууттан кийин "иштен чыгып" калат, бул фермерге деле пайда алып келбейт. Ал эми өзүбүздүн күрөң уйлар 10дой музоо тууп берет.

— Акыркы жылдары малдын жугуштуу ооруларына байланыштуу сыртка мал этин тыңгылыктуу чыгара албай келебиз...

— Мурда биздин уйларда жугуштуу оорулар таптакыр жок болчу. Кийин ар кайсы өлкөлөрдөн каалаганын алып келип жатышып, көп оорулар пайда болду. Шарп, бруцеллёз сыяктуу ооруларды мындай коёлу, лейкоз илдети айланы кетирген. Башкача айтканда, бул кандын рагы. Андан кутулуу үчүн жуктуруп алган жана алардын жанындагы уйлардын баарын жок кылууга туура келген. Андан соң фермалардагы алар турган жыгач полду алып, астындагы жерди жарым метрден казып салышкан. Мунун баары эмне деген убаракерчилик? Малдын өзүн өрттөп салышчу. Ошентип рак илдетин араң жеңишти окшойт.

— Жогоруда сиз малдын асылдыгы бузулбаш үчүн таза кандуу бука керек деп жатасыз. Бул жаатта абалыбыз кандай?

Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Радио
Адис уйдун кайсы тукумдары эт, сүткө ылайыктуу экенин айтты
— Бирин-серин асыл тукум букаларды баккандар бар. Бирок баары бир өкмөттүн деңгээлинде колдоого алынып, каражат бөлүнмөйүнчө бир нерсе кылуу оор. 1957-жылы Кыргызстанда жасалма уруктандыруу боюнча асыл тукум станциясы түзүлгөн. Кийин ал каралбай калды. Ошону менен иш калып калбасын деп өзүм 2013-жылы жасалма уруктандыруу боюнча биотехнологиялык борбор ачтым. Чет элден инвестор таап, Германия, Индонезия, Россиядан жабдуу алдык, адистерди окуттук. Аймактарга урук жеткирип жакшы иштей баштаганбыз. Бирок өкмөттөн колдоо жок иштөө кыйын экенин дагы бир жолу айтып коюшум керек. Улам-улам букаларды алмаштырып туруу зарыл. Асыл тукум бир бука эле 100 миң сом турат.

— Айыл чарбасын көтөрөбүз деп айтылганы менен турмуш жүзүндө анчалык деле көп иш жасалбаганы баарыбызга белгилүү. Мындан аркы пландарыңыз кандай? Өзүңүз пенсия курагында экенсиз, билгендериңизди жаштарга үйрөтүп жатасызбы?

— Жаштар бул тармакка жологусу келбейт чынында, анткени айлыгы аз. Анүстүнө биздин биотехнологиялык борбор Бишкектен 30 чакырым алыстыкта, ким эле ал жакка күнүгө барып-келип иштегиси келсин. Айлыгынын баары эле жолго кетип калбайбы. Чындап эле мал жаатындагы илимге кызыккан жаштар аз. Мисалы, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун мен иштеген бөлүмүндө 5-6 гана киши бар. Анда эң улуусу 86 жашта, андан кийин эле мен 77демин.

Жаңылыктар түрмөгү
0