Чек ара кызматы: Казакстандан Кыргызстанга өткөндөр адаттан тыш көп болууда

Жазылуу
КРдин мамлекеттик чек ара кызматынан Казакстанда кечээ кечинде болгон башаламандыктан кийин түн тынч өткөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү, түндөн тарта бери өткөндөр арбыды. Бул тууралуу КРдин мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Эл (негизинен балдар жана аялдар) Казакстандан Кыргызстанга "Кең-Булуң" жана "Токмок" көзөмөл-өткөрүү жайынан кирип жатат. Бул учурда эч кандай окуя же чыр-чатак болгон жок", — деп айтылат маалыматта.

Чек арада түн тынч өткөн.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чегинде турган чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Эске салсак, кечээ, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталган.

Бул жагдай боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын чек арасына жакын Масанчи айылында болгон башаламандык боюнча билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0