Жекшемби күнү Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчөт. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовОтключение воды в Бишкеке
Отключение воды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек суу канал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 9-февралда, борбор калаанын айрым жерлеринде ремонт иштерине байланыштуу ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү оңдоло тургандыктан Ахунбаев, Тыныстанов, Медеров жана "Ала-Арча" суусунун ортосундагы аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суусуз калчу мекемелер:

  • QSI International school of Bishkek жеке мектеби;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
  • "Панацея" медицина борбору;
  • Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи;
  • №61 физика-математика мектеп-лицейи;
  • Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
  • Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бишкек шаардык үй-интернаты;
  • ABA Consulting борбору;
  • Medipol медициналык борбору;
  • "Тартуга" эс алуу борбору;
  • Samsung дүкөнү;
  • "Дента Мир" стоматология борбору;
  • "Мээнет-сервис" компаниясы;
  • "БГТС" ААКсы;
  • Республикалык социалдык фонду;
  • Скрябин 12/2 дарегиндеги отканалар;
  • №3 стоматология борбору.

"Бишкек суу канал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.

Эгер сууга байланыштуу көйгөйлөр жаралса шаар тургундары төмөнкү номерлерге байланышса болот.

  • "Бишкек суу каналы" ишканасынын нөөмөт бөлүмү: 56-03-20;
  • үй ичиндеги суу көйгөйлөрү боюнча: 54-42-45, 54-42-44;
  • Сүрөт фактылар болсо 0770 838458 WhatsApp номерине жөнөтүңүздөр.
Жаңылыктар түрмөгү
0