Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЦеремония запуска инспекторско-досмотрового комплекса на контрольно-пропускном пункте "Торугарт" в Нарынской области
Церемония запуска инспекторско-досмотрового комплекса на контрольно-пропускном пункте Торугарт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Бажы кызматы коллегияда 2019-жылдын жыйынтыгын талкуулады. Жыйынтыгында бир катар кызматкерлер жазаланды.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматынын 26 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Коллегия 4-февралда өткөн. Анда токтомдордун аткарылышы, дисциплина жана каржылык маселелер талкууланган. Жыйынтыгында бажы органдарынын төрт жетекчисине, ошондой эле бажы каттоосунда эмгектенген 12 жетекчиге дисциплинардык чара көрүү чечими чыгарылды.

Мындан сырткары, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери аткезчиликке каршы алгылыктуу иш алып барбаганы үчүн жазаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0