Кыргызстандыктар ак ниет эл! Шевченко АКШнын визалык чектөөсү боюнча жооп берди

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө Лас-Вегас шаарында аралаш мушташ боюнча UFC 247 турнирине катыша турчу мушкерлердин расмий маалымат жыйыны болуп өттү.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кабарчылардын суроолоруна кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен уюмдун орточо оор салмактагы чемпиону Жон Жонс жооп берип жатты.

Журналисттердин бири Шевченкого АКШ жакында эле Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеген чечим кабыл алганын эске салып, пикирин сураган.

"Мен машыгууга баш-отум менен кирип кеткем. Бирок бул чечим биометрикалык паспортторго байланыштуу экендигин уктум. Бул адамдардан эмес, технологиядан көз каранды деп ойлойм. Балким биздин өлкөдө АКШ колдонуп жаткан технологиялар жоктур. Ишенимдүү түрдө кыргызстандыктар чынчыл, ак ниет, эмгекчил калк деп айта алам", — деген Шевченко.

Атаандашы тойго келгендей… Шевченко Чукагян менен тиктешкен видео - Sputnik Кыргызстан
Атаандашы тойго келгендей… Шевченко Чукагян менен тиктешкен видео
Эске салсак, 1-февралда Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Ага чейин КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ бийлигинин мындай чечимине Кыргызстандын биометрикалык паспорт колдонбогону себепкер экенин айткан эле. Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан баштап берилери айтылган.

Шевченко Бишкек убактысы боюнча 8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында беттешет. Ал жергиликтүү спортчу Кетлин Чукагян менен кармашып, наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0