Эл каттоо учурунда бериле турган суроолордун тизмеси

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВсероссийская перепись населения 2010 в республике Алтай
Всероссийская перепись населения 2010 в республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жолу майыптыгы бар адамдар, чет өлкөгө иштегени кеткендер, ошондой эле жарандардын маалымат технологияларын канчалык көп колдонору тууралуу суроолор киргизилген.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтө турган Эл жана турак жай фондун каттоо учурунда жарандарга бериле турган суроолорду жарыялады.

Анда документтердин беш формасы толтурулат.

Биринчи форма — "Каттала турган адамдардын тизмеси"

  • Жарандын аты-жөнү.

Экинчи форма — "Калк"

  • Жынысы;
  • Бул үйдө туруктуу жашайбы же убактылуубу;
  • Туулган күнү жана жылы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү барбы;
  • Үй-бүлөлүк абалы;
  • Улуту;
  • Туулган өлкөсү;
  • Кайсы өлкөнүн жараны;
  • Эне тили (башка тилдерди билүүсү);
  • Ички миграция маселелерине байланыштуу суроолор;
  • Билим деңгээли;
  • Майыптыгы бар адамдарга суроолор;
  • Киреше булактары тууралуу суроолор;
  • Жумуш менен камсыз болгондугу же жумушсуздугу тууралуу суроолор;
  • Төрөт жана балдар тууралуу суроолор;

Үчүнчү форма — "Турак жай фонду"

  • Турак жайдын тиби;
  • Курулган материалы;
  • Курулган жылы;
  • Дубалдын тышкы материалы;
  • Жер титирөөгө туруктуулугу;
  • Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коммуникациялык каражаттары барбы (компьютер, планшет, ноутбук сыяктуулар).

Төртүнчү форма — "Үй-бүлөнүн азыркы учурда чет өлкөдө жашаган мүчөлөрү"

  • Чет өлкөгө кеткен жарандар тууралуу суроолор.

Бешинчи форма — "Жамааттык мекемелерде убактылуу жашаганга келгендер"

  • Оорукана, мейманкана сыяктуу жайларда убактылуу болгондор тууралуу суроолор.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Документ суроого акысы жок. Жакында болчу эл каттоо жөнүндө 10 суроого жооп
Бул жолу майыптыгы бар адамдар, чет өлкөгө иштегени кеткендер, ошондой эле жарандардын маалымат технологияларын канчалык көп колдонору тууралуу суроолор киргизилген.

Эске салсак, Эл каттоо иш-чарасы быйылкы жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өлкө аймагы боюнча өткөрүлөт. Кыргызстандын жашы жеткен ар бир жараны каттоочулардын суроосуна жооп берүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0