06:28 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2286 0 0

Акыркы убакта неврологиялык дартка чалдыгып, анын азабын тарткандар көбөйүп барат. Sputnik Кыргызстан агенттиги илдеттин жаралышына таасир берүүчү факторлор тууралуу балдар невропатологу Жазгүл Абдыраимова менен маектешти.

Баланын ооруганы жанды эки эсе кейитип, түмөн түйшүккө салат. Ал эми адистер нерв ооруларынын келип чыгуусуна айлана-чөйрөдөгү пикир келишпестиктин таасири күч деп эсептешет. 

— Балдардын неврологиялык ооруга чалдыгышына коомдун таасири тиет дешет...

— Замандын агымына жараша оорулар да өзгөрүп, азыр көптөгөн илдеттердин жаңы түрлөрү чыгууда. Адам укпаган табышмак оорулардын пайда болушуна да күбө болуп жатабыз. Менин баамымда, балдардын неврологиялык ооруга чалдыгышына коомчулуктун түздөн-түз тиешеси бар. Нерв ооруларынын келип чыгуусуна айлана-чөйрөдөгү пикир келишпестиктин да таасири күч. Булар өз ара тыгыз байланышта. Себеби адамдын организминдеги нерв системасы эненин ичинен эле түйүлдүк учурунда нерв түтүкчөсү катары пайда болуп баштайт. Анан сырттын терс таасирлеринен балдар ар кандай оору менен төрөлүп жатат. Боюнда бар кезде аялдын кандай жумушта иштегендиги, маанайы, абалы — мунун баары балага таасирин тийгизет. Учурда кредит, акчанын тартыштыгы, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн көптүгү чогулуп келип балдардын оорулуу болуп төрөлүшүн шарттап жатат.

— Бүгүнкү күндө ата-энелер эмнеге көп даттанат?

— Азыркы учурда 3-4 жаштагы балдардын үйдө ар кандай нерселерди ыргытып, ачуулуу болуп, ата-энесин чапкылап, кеч уктап же түндө чочуп ойгонуп жатканын айтып кайрылгандар көп. Мунун баарына биринчи кезекте азыркы мультфильмдердин мазмуну жана интернеттин таасири себеп. Мурунку мультфильмдер менен азыркы мультфильмдердин айырмасы асман менен жердей. Мушташуу, атышуу же экөөнүн кайсынысы кыйын болсо ошол жак утуп кетүү сыяктуу агрессивдүү мазмундагы мультфильмдер аябай көп. Азыр кайсы үйгө барбайлы, же көчөдөн, же коомдук транспортко түшсөк дагы ата-энелер балдарына телефонду карматып койгонун көрөбүз. Бул эң чоң ката. Себеби интернетти көп колдонгон баланын мээсинин ичиндеги өрчүп келе жаткан кээ бир клеткалар ар кандай талкаланууга дуушар болот. Мисалы, соткадан оюн ойноп же мультфильм көрүп тамак жеген бала курсагынын тойгон-тойбогонун билбейт. Себеби анын мээсинин курсак тойгонунан кабар бере турган бөлүгү башка нерсе менен алек. Телефон алаксытат. Баланын өрчүшүнө, таанып-билүүсүнө да терс таасирин тийгизет. Эртели-кеч телефон кармаган бала коомчулуктан алыстап, виртуалдуу дүйнөгө кирип кетет да, тилинин чыгышы да кечеңдейт.

Азыркы убакта балдардын талма оорулары, тилинин кеч чыгышы, психологиялык жактан акыл-эсинин артта калуусу да көбөйүп жатат. Ошону менен бирге шал оорусу менен кайрылган ата-энелер көп. 

Детский невропатолог Жазгуль Абдыраимова в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Балдардын невропатологу Жазгүл Абдыраимова: азыркы учурда 3-4 жаштагы балдардын үйдө ар кандай нерселерди ыргытып, ачуулуу болуп, ата-энесин чапкылап, кеч уктап же түндө чочуп ойгонуп жатканын айтып кайрылгандар көп

— Неврологиялык оору балдардын тилинин кеч чыгышына да таасир этеби?

— Албетте, чоң таасир берет. Бирок баланын тилинин кеч чыгып жатканын жалгыз гана неврологиялык оору катары карабаш керек. Мындай даттануу менен кайрылган балдардын генетикасын да кароо зарыл, анткени тукум кууп да калат. Экинчиден, баш мээнин ичинде ар кандай органикалык шишик, киста болуп калышы мүмкүн. Тилинин чыгышы кечеңдеп же түшүнүксүз сүйлөп жаткан бала менен сөзсүз невропатолог, ага кошулуп логопед-дефектолог да иштешиши керек. Анткени биз медикамент менен дарыласак, логопед-дефектолог ар кандай көнүгүүлөрдү жасатып, баланын тилинин чыгышына жардам берет. Комплекстүү иштин жыйынтыгы жакшы болот.

Негизи баланын тилинин чыгышы этап-этабы менен жүрөт. Үч жашында толук чыгып калышы керек. Кээ бир тамгаларга тили келбеши мүмкүн, бирок сөзү түшүнүктүү, үч-төрт сөздү толук курап сүйлөм түзүп калат. Үч жаштан кийин сүйлөгөнү түшүнүксүз болсо, сүйлөм түзө албаса, дарыгерге барып көрүү керек.

— Стресс, депрессия менен азыр эч кимди таң калдыра албай калдык окшойт...

—  Бардык ооруларга стресс менен депрессия себепкер. Дарыгерге кайрылган адамды сурай келгенде эле буга чейин  депрессияга же стресске кабылганын айтат. Депрессия глобалдуу жана күнүмдүк болуп экиге бөлүнөт. Аял кош болуу кезинде жакынын жоготуп алса же ушул сыяктуу учурларга туш болсо, глобалдуу депрессияга кабылат. Ал эми көңүл ооруткан сөз, капалануу күнүмдүк депрессияны шарттайт. Ушуга окшогон нерселер чогулуп отуруп нерв системасына терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Өзгөчө кош бойлуу кезинде депрессияга кабылуу баланын неврологиялык ооруга чалдыгып төрөлүшүн шарттайт. Нервдин бузулушу — көп оорунун башаты. 

Детский невропатолог Жазгуль Абдыраимова в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жазгуль Абдраимова: негизи баланын тилинин чыгышы этап-этабы менен жүрөт. Үч жашында толук чыгып калышы керек. Кээ бир тамгаларга тили келбеши мүмкүн, бирок сөзү түшүнүктүү, үч-төрт сөздү толук курап сүйлөм түзүп калат.

— Невропатологдорго кезек көп, кирүү кыйын. Бул жабыркагандардын көптүгүнөнбү же адистердин аздыгынанбы?

— Адистерди даярдаган окуу жайлар акыркы күндөрү көбөйүп кетти. Окууну бүтүп, диплому жөн эле жаткандар да бар. Айлыктын аздыгынанбы деп да ойлойм. Анткени окуу жайды бүткөндөр мамлекеттик кызматтын айлык акысын көрүп, чет жакка иш издеп же бизнеске кетип калып жатат. Невропатологдор аз деп айта албайм, көбүнчөсү жеке клиникаларда иштегенди каалашат. Азыр жеке менчик клиникалар абдан көбөйдү. Аларда 2-3төн невропатолог отурат.

Негизи эле неврологиялык ооруга чалдыккандар да абдан көп. Мурда невропатологдун кызматына кайрылуу анча жолго коюлбагандыктанбы, негедир кайрылуулар мынчалык болгон эмес экен.

— Неврологиялык жактан жабыркаган балдардын ата-энелерине кандай кеңеш берет элеңиз?

— Ата-энелерди эң биринчи кезекте доктурга өз убагында кайрылууга чакырат элем. Себеби кээ бир оорулардын алдын алуу үчүн аны өз убагында дарылап айыктырууга толук ыктымал. Бирок кээ бир апаларыбыз көп учурда ар кандай молдолорго же табыптарга барып дем салдырып, чөп-чар менен дарылайм деп көп ката кетирип алышат. Биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) сунуштаган ар кандай фирмалар да көбөйүп кетти. Ата-энелер мындай фирмаларга да ишенип убактысын коротуп жатышат. Таптакыр болбой калганда гана дарыгерге келгендер көп. Ал убакта кеч болуп калат. Дартты дарыгер гана аныктап дарылайт. 

Тема боюнча

Атасынын өлгөнүн уккан уулунун сөзүнө ыйлап жибердим. Дарыгердин маеги
Молдалиева: үй шартында чала дарылануу башка ооруларды козгойт
Белгилер:
ден соолук, логопед, дарт, бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ