Жумуш издегендер барбы? Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт

Жазылуу
Жарманке Айтматов проспектисинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Борбор калаада вакансиялардын жарманкеси болорун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаштарды жумушка алган ишкананы салыктардан бошотуу сунушталды. Жол-жобосу
Жарманке 7-февраль күнү саат 13:00дө Айтматов проспектисинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.

Кайрылгандар вакансияларды караштырып, жумуш берүүчүлөр менен пикир алыша алат. Ошондой эле резюме жазганды жана ишке кирүүдө маектешүүдөн өткөндү үйрөнүшөт.

Бардык суроолор боюнча 0 (312) 30-37-48, 30-37-44 номерлерине чалууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0