Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат

© Фото / Министерство образования и науки КРҮстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин билдиришинче, жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Ошондой эле каражаттардын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузууну азайтат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / Министерство образования и науки КРОбучение первой группы бухгалтеров работе с новой автоматической системой начисления зарплат школьным учителям Кыргызстана
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
© Фото / Министерство образования и науки КРОбучение первой группы бухгалтеров работе с новой автоматической системой начисления зарплат школьным учителям Кыргызстана
Маянаны эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маянаны эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды
© Фото / Министерство образования и науки КРОбучение первой группы бухгалтеров работе с новой автоматической системой начисления зарплат школьным учителям Кыргызстана
Министр Каныбек Исаков окутууга келгендерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кызматкерлер менен мамилени жакшыртууга чакырган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Министр Каныбек Исаков окутууга келгендерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кызматкерлер менен мамилени жакшыртууга чакырган.
1/3
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
2/3
Маянаны эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды
3/3
Министр Каныбек Исаков окутууга келгендерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кызматкерлер менен мамилени жакшыртууга чакырган.

Билдирүүгө ылайык, маянаны эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды.

"Жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузуунун төмөндөшүнө шарт түзөт. Ошондой эле негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Мындан тышкары, текшерүү органдары айткан кемчиликтер жоюлуп, ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат", — деп айтылат маалыматта.

Министр Каныбек Исаков окутууга келгендерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кызматкерлер менен мамилени жакшыртууга чакырган.

"Эсепчилердин мугалимдерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылыктар бар. Биз азыр министрликтин кызматкерлеринен баштап жарандар менен мамилени жакшыртуунун аракетиндебиз. Министрликтин педагогдордун коомдогу беделин көтөрүүгө багытталган демилгесин сиздер да улап, сылык-сыпаа кызмат көрсөтүүнү жакшыртууңуздарды талап кылабыз", — деген министр.

Джакарта шаары, Индонезия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
Семинардын биринчи күнүнө Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 55 эсепчи келген. Алар эмгек акыны эсептөөнү автоматташтыруучу программаны эки күн өздөштүрүшөт. Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт.

Он күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Анын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.

Бул система 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөнү айтылды.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруу Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында аткарылып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0