УКМК телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшап баштадыбы? Мекеменин жообу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКулакчын кийген киши. Архивдик сүрөт
Кулакчын кийген киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мессенджерлерде УКМКнын маалымат кызматы 3-февралдан тарта телефон чалууларды жаздырып, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери тарабынан телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, мессенджерлерде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 3-февралдан тарта коммуникациянын жаңы эрежелерин киргизгени тууралуу билдирүү тараган. Ага ылайык, бардык чалуулар, сүйлөшүүлөр, Whatsapp аркылуу байланышуулар жазылат. Ал эми социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп турары белгиленген. Ошондой эле байланыш каражаттары тыңшоо кызматына (CDMX) кошулгандыгы айтылган.

"УКМК бул маалыматты фейк катары баалайт. Учурда жалган кабарды тараткандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыгын эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0