Матраимов Кара-Суунун дотациядан чыкпаганына нааразы болуп, премьерге кайрылды

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жогорку Кенеша Искендер Матраимов
Депутат Жогорку Кенеша Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимчилик төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарууну суранып, эки жылдан бери Финансы министрлигине кайрылып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн бюджети дотациядан чыкпай жатканына нааразы болуп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. 

Депутат бул боюнча ага Кара-Суу районунун акимчилигинен кат келип түшкөнүн билдирди.

"Аймактарды дотациядан чыгаруу багытында өкмөттүн тапшырмаларын аткарып Кара-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджетин толтуруу жана жылдан-жылга көбөйтүү максатында бир топ жумуштар аткарылды деп цифраларды жазып жатышат. Акимчилик мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев, азыркысы Бактыгүл Жээнбаевага эки жылдан бери кайрылып, төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарып коюуну суранууда. Акимчилик "бизге теңдөөчү гранттын кереги жок, өзүбүздү-өзүбүз каржылап жатабыз, жетпеген акчаны айыл өкмөттөргө бергиле" десе, Финансы министрлиги "жок, силер алгыла" дейт экен", — деди Матраимов.

Курс сома к доллару - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөттөрүнүн киреше салыгы жергиликтүү бюджетке калтырылат
Абылгазиев быйыл 40 айылдан кем эмес айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу боюнча өкмөттүн программасы бар экенин билдирди. Ал эми депутат көтөргөн маселени укпаганын белгилеп, териштирип, анан жооп берерин айтты.

Учурда ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карап жатат. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырды. Депутаттар өкмөт башчыга бир катар суроолорду узатууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0