Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди

© THOMAS PETERРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарга каттамдар, мейманканалар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын иштөө режими, өкмөт көрүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. КРдин Үрүмчүдөгү өкүлчүлүгү кыргызстандык айрым студенттердин жатаканасына азык-түлүк жеткирүүгө жардам берди. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө дипломатиялык өкүлчүлүк күнү-түнү иштеп жатат. Кыргызстандык жарандарга каттамдар, мейманканалар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын иштөө режими, өкмөт көрүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилип жатат. Кээ бирлери менен жеке жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

2-февралда өкүлчүлүктүн кызматкерлери Үрүмчү аба майданына барып Бишкекке түз каттам менен уча албай калып калган студенттерден кабар алган.

"Айрым студенттердин суранычы менен жатаканаларына азык-түлүк жеткирилди. Кытайдын башка шаарларынан жана провинцияларынан келген мекендештерди Үрүмчүдөгү мейманканага жайгаштыруу каралууда", — деп айтылат маалыматта.

Тест-системы для диагностики нового коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
Ошондой эле Кытайдагы оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларын мекенге кайтаруу маселеси да жөнгө салынган. Элчиликтин кайрылуусунан кийин Синьцзян-Уйгур автономдук районунун жергиликтүү бийлиги айдоочулардын жаткан жери менен тамак-ашын камсыздап берген.

Акыркы маалыматка ылайык, жаңы коронавирус жуктуруп алган 24 505 учур катталган. Андан 493 киши көз жумса, 902 бейтап айыккан. Вирустун бир нече өлкөгө жайылып кеткени маалым.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирустун жайылышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп атады. Оорунун жайылуу деңгээли Кытайда абдан жогору, ал эми региондо жана дүйнөдө жогору деп бааланууда.

Коронавирустан улам Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0