ЕАЭБде акчаны алып кирүү жана чыгаруунун жаңы эрежеси күчүнө кирди

© REUTERS / Yuriko Nakao / File PhotoКурс доллара в Токио
Курс доллара в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ченем кечээ, 4-январда, ЕЭК коллегиясынын былтыр 6-августтагы чечими менен күчүнө кирди. Акчанын келип чыгышын көрсөтүү зарыл экендиги айтылды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык бирикменин аймагына киргизилген жана чыгарылган акчанын суммасы 100 миң доллардан ашкан учурда каражаттын кайдан келип чыкканын көрсөтүү талап кылынган эреже күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) сайтында айтылат.

Бул ченем кечээ, 4-январда, ЕЭК коллегиясынын былтыр 6-августтагы чечими менен иштей баштады.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы акча киргизип чыгарууда мурдагы эреже сакталарын билдирген. Тагыраагы, 10 миң доллардан ашкан каражат үчүн декларация толтуруу керек болчу. Бирок мурда акчанын келип чыгышын көрсөтүү талап кылынчу эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0