Кыргызстандын автомобиль паркында 1,2 млн. автоунаа бар

© Sputnik / Табылды КадырбековНовые ставки таможенных пошлин на ввоз авто в КР
Новые ставки таможенных пошлин на ввоз авто в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда автомобиль тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн 350гө жакын юридикалык жак иштейт.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандын автомобиль паркында 1,2 миллионго жакын автоунаа катталган, анын 37 миңге жакыны автобус жана микроавтобустар. Статистикалык бул маалыматтар 2020-2024-жылдарда Кыргызстандын Автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн концепциясында келтирилген.

Жалпы сандын ичинен 850 миңи жеңил, 130 миңи жүк ташуучу автомобиль экени айтылган.

"Азыркы учурда автомобиль тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн 350гө жакын юридикалык жак иштейт (анын ичинде 70и – юридикалык жак, жүргүнчүлөрдү жеңил автотранспорттук каражат — "такси" менен ташууну ишке ашырат). Мындан сырткары, 70 станциялык курулуш иштейт. Анын 12си — автовокзал, 33ү — автостанция, 25и — автокасса", — деп айтылган документте.

Айтмакчы, Sputnik Кыргызстан бажы төлөмдөрү кымбаттаганы авторыноктогу абал кандай өзгөргөнү туурасында материал жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0