Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем

© Фото / из личного архива Майрамбека Бектемирова860-полктун ага сержанты Майрамбек Бектемиров. Архив
860-полктун ага сержанты Майрамбек Бектемиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистанда советтик жоокерлердин киришине чейин эле жарандык согуш тутанган СССРдин аскерлери бул жарандык согушка айласыздан аралашты. Ушул согушка советтик жоокерлердин катышуусу тууралуу саясатчылар, тарыхчылар жана эксперттердин ортосунда кызуу талкуу жүрүүдө.

1980-жылы 10-январда Афганистандагы кан майданга Ош шаарында жайгашкан Псков атындагы Кызыл Туу ордени менен сыйланган 860-өзүнчө мотоаткычтар полку Памир аркылуу кирип барган. 2 миң 238 күнгө созулган согушта бул аскердик бөлүк кан кечип салгылашкан. 860-полктун курамындагы 1-тоолуу Бахарак батальонунун тарыхында таң калычтуу фактылар бар. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда полктун уулу деген түшүнүк болгон, ошол учурдагыдай бул батальон дагы жергиликтүү өспүрүм Нематулланы асырап, полктун уулу кылып тарбиялаган.

Колумнист Алмаз Батилов 860-полктун ага сержанты Майрамбек Бектемиров менен маектешти.

© Sputnik / Табылды КадырбековПсков атындагы Кызыл Туу ордени менен сыйланган 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун ага сержанты Майрамбек Бектемиров
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
Псков атындагы Кызыл Туу ордени менен сыйланган 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун ага сержанты Майрамбек Бектемиров

— Аскердик кызматыңызды Афганистанда өтөгөн турбайсызбы?

— 1980-жылы жазында Фрунзе шаарындагы курулуш техникумун бүтүрүп, Ак-Талаа районунун Баетов айылында адистигим боюнча иштей баштагам. Ошол эле жылы кеч күздө Советтик Армиянын катарына чакырылдым. Адегенде 6 айга жакын Ашхабадда кенже командирлерди даярдаган мектепте атайын машыгуудан өттүм. Бул борбордо бизди Афганистандагы согушка катышып келген офицерлер окутушту. 1981-жылы майда Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагынын борбору Файзабад шаарында жайгашкан Псков атындагы 860-өзүнчө мотоаткычтар полкуна түштүм. Ушул полктун биринчи батальону Бахарак уездинин борбору Бахарак айылында өзүнчө турчу. Себеби бул уезд аркылуу Пакистан жана Афганистандын борбордук райондору менен байланыштырчу жолдор өтүп, стратегиялык жактан абдан маанилүү эле. Ошон үчүн бул өрөөндү биринчи батальон көзөмөлдөчү. Дал ушул себептен улам аталган бөлүк Бахарак деп аталып калган. Полктун жетекчилиги жогоруда айтылган батальонго бизди жөнөттү. Баш-аягы бул аймакта 1,5 жыл аскердик кызматымды өтөдүм. 

© Фото / из личного архива Майрамбека БектемироваШарапидин Байтиков (сол жакта) менен Эсен Айталиев. Бахарак айылынын борбордук базары. 1982-жылдын жаз айы, Түндүк Афганистан
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
Шарапидин Байтиков (сол жакта) менен Эсен Айталиев. Бахарак айылынын борбордук базары. 1982-жылдын жаз айы, Түндүк Афганистан

— Тез эле көнүп кеттиңизби?

— Бизди Бахаракка вертолёт менен алып келди. Тик учактан түшүп жатсам классташым Мелис Абиров кучактап калып жүрөт. Ал мени көтөргөн бойдон рота турган жерге чейин 100 метрдей алып барды. Ошол маалда кызмат мөөнөтү бүткөн аскерлер бизди алып келген вертолётко түшүп учуп кетмек экен. Алардын ичинде взводдун командиринин орун басарынын милдетин аткарган жердешебиз ага сержант Ишен Рыскелдиев да бар экен. Ал ротанын көзүнчө өзүнүн автоматын мага тапшырып, учуп кетти. Мен Ишендин ордуна дайындалдым.

Буга чейин классташым Мелис менен кат жазышып жүргөм. Анын жанына барып кызмат кылам деп түк ойлогон эмесмин. Мелис менен бир ай чогуу кызмат өтөдүк, көп нерсени үйрөттү. Мөөнөтү бүтүп Кыргызстанга кетти. Менден кийин дагы бир классташыбыз Чолпонбек Беккелдиев да Афганистандагы согушка катышып, жарадар болду. Түркмөнстанда бизди даярдап жатканда бул өлкөдөгү кан майданда салгылашкан офицерлер "Афганистанга согушка барасыңар, ал жакка барганда 14-кылымга түшөсүңөр" деп эскертишкен эле. Чынында эле орто кылымга келгендей болдум. Бир жагынан дыйкандар сокону өгүзгө чегип алып жерди айдап жатканын жана калкынын көпчүлүгү жакыр жашаганын көрүп келмем оозуман түштү. Экинчи жагынан жергиликтүү аялдар паранжа жамынганын көрүп эсим ооду.

© Фото / из личного архива Майрамбека БектемироваАга сержант Майрамбек Бектемиров Бахарак чебинин ичинде. 1982-жылдын кыш айы.
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
Ага сержант Майрамбек Бектемиров Бахарак чебинин ичинде. 1982-жылдын кыш айы.

— Батальонуңузда башка кыргызстандык офицерлер, прапорщиктер жана жоокерлер болдубу?

— Ондон ашык кыргызстандык бар болчу. Ага лейтенант Таалайбек Садыров, прапорщик Эсен Айталиев. Бир жолу Бахаракка Файзабад шаарынан полкубуздун контрчалгын бөлүмүнүн жетекчиси, жердешибиз, капитан Жумалы Кубатов вертолёт менен учуп келди. Ал батальондогу жумуштарын бүтүргөндөн кийин кыргызстандыктарды чогултуп, сүйлөштү. Буга чейин Жумалы ага тууралуу укканбыз. Адегенде Кубатов тааныбагандар менен таанышып, абалыбызды сурагандан кийин "жигиттер, Ата Мекен алдында ак дилиңерден кызмат өтөгүлө. Бирок ошол эле маалда ыгы жок өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла. Силер Ата Журтка аман-эсен кайтканга аракеттенгиле, элибизге дагы кызмат кылышыңар керек" деп көңүлүбүздү көтөрүп, кеңештерин берип кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековАфганистанда кызмат өтөгөн ага лейтенант Таалайбек Садыров. 1-тоо батальонундагы ондон ашуун кыргыз жоокеринин бири.
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда кызмат өтөгөн ага лейтенант Таалайбек Садыров. 1-тоо батальонундагы ондон ашуун кыргыз жоокеринин бири.

Ал эми ага лейтенант Садыровдун Афганистандагы кызматтык мөөнөтү бүтүп, аэропорттон СССРге узатып бара жаткан учурда агалык насаатын айтып: “Согушта абайла, иним, сөзсүз Кыргызстанга алты саның аман кайтып кел”, — деп мени бек кучактап вертолетко түшүп кетти. Азыркы күндө да жогоруда айтылган эки офицердин сөзүн эч качан унутпайм. Тилекке каршы, бир нече жыл мурун Кубатов узак оорудан каза болду. Таалайбек байке менен дайыма жолугуп турамын.

© Фото / из архива семьи Кубатовых860-полктун капитаны, өзгөчө бөлүмдүн жетекчиси Жумалы Кубатов (сол жактан биринчи) моджехеддерге маалымат ташыган тыңчы менен жолугуу учурунда. Түндүк Афганистан, 1980-жыл.
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
860-полктун капитаны, өзгөчө бөлүмдүн жетекчиси Жумалы Кубатов (сол жактан биринчи) моджехеддерге маалымат ташыган тыңчы менен жолугуу учурунда. Түндүк Афганистан, 1980-жыл.

— Афгандык моджахеддер оңой душман эмес эле. Алар сизди кайсы сапаты менен таң калтырды?

— Булар көк жал, тайманбас жоокер жана митаам душман эле. Моджахеддерге каршы согушуп абдан такшалдык. Афгандык согушкерлерди туткунга түшүргөн учурлар болду. Алар өлүмдөн коркпогон жанкечтилер деп айтсам болот. Анткени афгандыктар кылымдар бою чет өлкөлүк баскынчыларга жана бири-бирине каршы  согушуп көнгөн эл. Анын үстүнө буларга ислам дини өлүмгө кайыл болуу керек деген түшүнүктү аң-сезимине терең сиңирген.

Ветеран афганской войны Музуртбек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан
Афганчы Мамбеталиев: согушка баратканыбызды билген жокпуз, жандан түңүлдүк...
Бир ирет колубузга пулеметчу согушкер түштү. Шыңга бойлуу жана менин курагымдагы жигит болчу. Туткундарды Афганистандын атайын кызматынын өкүлдөрүнө өткөрчүбүз. Жогоруда сөз болгон моджахед экинчи жолу колго түштү. Аны дароо тааныдым. Түрмөдөн жергиликтүү коопсуздук кызматкерлерине пара берип чыгып  кеткен же качып чыккан деп шекшидим. Дари тилинде "Дос, ден-соолугуң кандай?" деп  сурадым. Буга чейин анча-мынча афган сөздөрүн үйрөнгөм. Ал да мени тааныганын жашырбай, күлүмсүрөп башын ийкеди. Буларды Афганистандын атайын кызматынын офицерлерине өткөрүп вертолётко салып Файзабад калаасына жөнөттүк.

Келечекте Афганистанда жарандык согуш бүтүп тынчтык орносо, Бахаракка баргым келет. Эгерде жогоруда айтылган моджахед тирүү болсо, жолугуп дасторкондун үстүндө сүйлөшсөм деген кыялым бар.

— Батальонуңуз афгандык өспүрүмдү асырап алган экен. Окуя кандайча болду эле?

— Жарандык согушта бир туугандар эки жаат болуп, бири-бирин аябастан өлтүргөнүнө нечен ирет күбө болдук. Расмий Кабулду колдогон активисттер биздин жетекчиликке тымызын келип кайсы айылдын тургундары моджахеддерге көмөк көрсөтүп жатканы жөнүндө маалымат беришчү. Командачылык мындай маалыматка таянып, бизди ошол кыштактарды текшерип, согушкерлерди туткунга түшүрүп же сүрүп чыкканга жиберчү. Моджахеддер бул активисттерди үй-бүлөсү менен өлтүрүп, өчүн алчу.

© Фото / из личного архива Майрамбека БектемироваБахарак батальонунун ага сержанты Майрамбек Бектемиров полктун уулу Нематулла менен. 1982-жылдын жаз айы.
Афганчы Бектемиров: согуш бүтсө колго түшкөн моджахед менен жолугат элем - Sputnik Кыргызстан
Бахарак батальонунун ага сержанты Майрамбек Бектемиров полктун уулу Нематулла менен. 1982-жылдын жаз айы.

Афган өкмөтүн колдогон активисттин бири жубайы менен киши колдуу болот. Бирок анын баласы аман калат. 1982-жылы февраль айында байланыш взводунда кызмат өтөгөн полчаным Андрей Пономаревдун айтымында, ушул баланы батальонубуздун бир ротасы Бахарактын тегерегиндеги бир айылга операцияга барган учурда табышат. Алар аны бөлүгүбүзгө алып келишет. Аты Нематулла экен. Анан жердешибиз прапорщик Эсен Айталиев батальондун жетекчилигине Нематулланы полктун уулу кылып алалы деген демилге көтөрүп, ал колдоого алынат. Сыягы Айталиевдин идеясын Файзабад шаарында жайгашкан полкубуздун жетекчилиги да колдогон болуш керек. Ошентип Нематулла бөлүгүбүздүн сүймөнчүктүү уулуна айланды. Ага атайын аскердик форманы кичирейтип тигип бердик. Нематулланы ээрчитип жергиликтүү базарга барып керектүү буюмдарды жана таттуу тамактарды сатып берчүбүз. Өзү да абдан жылдыздуу бала эле.

Кыргызстандын тышкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Эсен байке аны ушунчалык асырап алгысы келди. Анткени Афганистанга кеткенге чейин үйлөнүптүр. Бирок ошол учурда балалуу боло элек экен. Айталиев жергиликтүү бийликке жана Союздагы инстанцияларга Нематулланы багып алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылды. Тилекке каршы, афган бийлиги уруксат бербей койду. Эсен байке мындай чечимге абдан нааразы болуп, шагы сынып, чүнчүп да кетти. Афганистандын мыйзамын бузбаш үчүн батальондун жетекчилиги айласыздан Нематулланы Бахарак айыл өкмөтүнүн төрагасына тапшырып берип, ал Файзабад шаарына вертолётко салып жөнөттү.

Өспүрүм биз менен баш-аягы алты ай чогуу болду. Кийинки тагдырын билбей калдык. Ал эми Кыргызстандан Эсен байкеге эки ирет жолуктум. Айталиев Афганистандан келгенден кийин эки уул жана бир кыздуу болду. Кыязы Нематулланын батасы тийди окшойт дейт Эсен байке. 2017-жылы каза болуп калды.

Бизге Нематулланын тагдыры абдан кызык. Ал тирүү болуш керек, 50 жашка чамалап калды, үйлөнүп, балалуу болуп, очор-бачар болуп калды го деген үмүтүбүздү үзбөйбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0