Кыргызстанда дагы бир акы төлөнүүчү жол курулат. Долбоору иштелүүдө

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси эми иштелип жаткандыктан, ага кетчү каражат жана жолдун узундугу боюнча бир нерсе айтууга эрте. Бирок аны курууга инвестордун каражаты жумшалары жана ал аркылуу жүрөм дегендер акы төлөрү белгилүү.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарын айланып өтчү акы төлөнмө жол куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси эми иштелип жаткандыктан, ага кетчү каражат жана жолдун узундугу боюнча бир нерсе айтууга эрте. Бирок аны курууга инвестордун акчасы жумшалары жана ал аркылуу жүрөм дегендер акы төлөй турганы белгилүү.

"Өзгөндү аралап жүрүп көрсөңөр ал жакта жол тыгыны Бишкектегиден дагы көбүрөөк. Кыскасы, суроо-талап бар. Ошондуктан шаарды айланып өтмө жол курууну пландап жатабыз", — деди Бердалиев.

Ал кошумчалагандай, инвестор издөө, жолду куруу жана ишке берүүгө болжолдуу 2-3 жылдай убакыт керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0