Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргызстанда кандай иш-чаралар болот?

Жазылуу
Ардагерлерге жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорго мектеп окуучуларынан баштап чоңдорго чейин тартылат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргызстанда кандай иш-чаралар боло турганын КРдин Россиялык мекендештер уюмунун координациялык кеңешинин мүчөсү Ольга Фролова айтып берди.

Ал 3-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Жеңиштин ыктыярчылары" видеокөпүрөсүнө катышты.

Фролованын айтымында, иш-чаралар көпчүлүк жаштарды кызыктырышы мүмкүн.

"Февраль айынын аягында Кыргызстандын бир нече шаарында эскерүү жана даңк турнири өтөт. Катышуучулар жөн гана Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу билгендерин ортого салбастан, өздөрү да бир топ маалымат ала алышат", — деди ал.

Март айында мектеп окуучулары менен студенттер арасында алгачкы жолу отряддар фестивалы өтөт. Фролованын айтымында, иш-чара учурда жогорку окуу жайларда жандана баштады.

Ошол эле айда бир топ кыргызстандыктарды өзүнө тарткан дагы бир долбоор ишке ашат.

"Мартта "Тылдагы жеңиш" аттуу автоквест болот. Анын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуш болгон аймактагы маанилүү жерлерге барат", — деди Фролова.

Ошондой эле ыктыярчылардын иши 9-май күнү бүтүп калбай турганы айтылды. Иш-чаралар декабрь айына чейин жүргүзүлөт.

Специальный проект #СтраницыПобеды - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы жөнүндө долбоор башталды
"Ардагерлерге жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорго мектеп окуучуларынан баштап чоңдорго чейин тартылат", — деди Фролова.

Россиялык мекендештер уюмунун координатору Анастасия Шевченконун айтымында, кыргызстандык жаштар тарыхка кызыгып, аны бурмалоо аракеттерине каршы турууда.

"Кыргызстандык жаштар согуштун тарыхына абдан кызыгып жатышат. Биздин долбоорго "Россотрудничество" уюму, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы колдоо көрсөтүүдө", — деди ал.

Шевченко кошулчалагандай, алдыдагы иш-чараларга даярдык көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0