Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди

© Фото / Facebook / Каныбек ИсаковБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр өткөн аптада бир нече райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын кабыл алып, сүйлөшкөнү айтылды.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков үч райондун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына сөгүш берди. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министрдин каарына калгандар Чүй облусунун Москва районун тескеген Насирдин Тезекбаев, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жооптуу Дамира Сулпукарова жана Таш-Көмүр шаары боюнча жетекчи Тагайбек Шабданов экени айтылды.

"Атайын комиссия билим берүү мекемелерин текшерген учурда бул жетекчилер тескеген уюмдарда башкаруу системасы эффективдүү камсыздалбаганы ачыкталган. Өнүктүрүүгө багытталган максаты, милдети жана аны ишке ашыруу жолдору негизделбей, мыйзам бузуулар менен коштолгон", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өткөн аптада министр Исаков бир нече райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын кабыл алып, аткара турган милдеттерин белгилегени айтылат.

Министр мындан ары жетекчилер менен байма-бай жолугуп, пландалган жумуштарды талкуулап, жаңы демилгелер боюнча пикир алышып турары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0