Эки жумадан кийин убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүтөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арызды Бишкек шаары боюнча азыр Чокан Валиханов, 2 дарегине таштаса болот. Ал эми дайын болгон документти №4 калкты тейлөө борборунан алууга мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү 15-февралда бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Эске салсак, быйыл июль айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүргөн. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Башында убактылуу айдоочулук күбөлүк 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналып, бирок элдин өтүнүчү менен 15-февралга чейин узартылган болчу. 

"Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү 2020-жылдын 15-февралына чейин алмаштырып алыңыздар. Убактылуу бланктарды жаңы айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу үчүн арыздарды "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө жазууга болот", — деп жазылат маалыматта.

Арызды Бишкек шаары боюнча азыр Чокан Валиханов, 2 ("Аю Гранд" гипермаркети тарап) дарегине таштаса болот. Ал эми дайын болгон документти №4 калкты тейлөө борборунан (Ауэзов көчөсү,1/5 "Два прораба" гипермаркети) алуу мүмкүн экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0