Башкы прокуратура чет өлкөдө камалган 168 кыргызстандыкты алып келди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСитуация после беспорядков в Западном Бирюлево
Ситуация после беспорядков в Западном Бирюлево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдө соттолгондорго укуктук жардам көрсөтүү боюнча 532 сурам келип түшкөн.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Былтыр ар кандай кылмыштар боюнча чет өлкөдө камалган Кыргызстандын 168 жараны экстрадицияланды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ишин так аткарбаганы үчүн прокуратуранын 27 кызматкерин жана жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды - Sputnik Кыргызстан
Ишин так аткарган эмес. Прокуратуранын 30дай кызматкерин жазалоо сунушталды
Билдирүүгө ылайык, алар өз мекениндеги абактарда жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин отурат. 2019-жылы КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдө соттолгондорго укуктук жардам көрсөтүү боюнча КРдин укук коргоо органдары тарабынан Башкы прокуратурага 532 сурам келип түшкөн.

Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагында кармалган жарандарды берүү боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдарынан келген 23 сурам колдоого алынган. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана өкүмдү аткаруу боюнча башка өлкөлөргө жиберилген 75 сурам канааттандырылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 20 мамлекет менен регионалдык жана көп тарапттуу актылар, укуктук жардам берүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында кызматташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0