Борбор калаада биринчи жолу эл аралык өндүрүштүк көргөзмө өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүXIII Форум-выставка "Госзаказ – за честные закупки"
XIII Форум-выставка Госзаказ – за честные закупки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Түркия, Кытай, Индия жана Ирандын ондогон ишканалары катышат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Борбор калаада тогуз мамлекет катышкан эл аралык өндүрүштүк көргөзмө биринчи ирет өтөрүн Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Аэропортто конок тосуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт
"Expo 2020 Kyrgyzstan-Eurasia" аталышындагы иш-чара 20-22-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында каалоочуларды  чакырат. Ага Кыргызстан, Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Түркия, Кытай, Индия жана Ирандын ишканалары катышат.

Көргөзмөдө энергетика, билим берүү, транспорт, байланыш, жеңил өнөр жай тармактары боюнча продукциялар коюлат.

Иш-чаранын максаты — Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин экономикалык, илимий-техникалык, маданий алакасын өнүктүрүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0