Бишкектин 22 жеринде электр кубаты болбойт. Тизме

CC0 / Pixabay / a-mblommaОтключение света в Бишкеке
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери трансформатор менен электр зымдарын бир ирет көздөн өткөрүп, ишке жарамдуулугун текшерип жатышат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Борбор калаанын бир нече райондорунда 3-февралда электр кубаты убактылуу өчүрүлө тургандыгын "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Электр энергиясын берүү чектелген аймактардын тизмеси:

  • 9:00 - 15:00 — Курманжан датка, Буденный көчөлөрүнүн бир бөлүгү жана Жибек Жолу проспектиси;
  • 9:00 - 17:00 — Тыныстанов, Толстой, Саякбай манасчы, Панфилов, Махатма Ганди, Горький, Токтогул көчөлөрү жана Ново-Октябрьский чолок көчөсүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик конушунун бир катар аймактары (Эркин-Тоо, 4-линия көч.);
  • 9:30 - 13:00 — Рухий Мурас конушунун бир бөлүгү (1, 2-көч.);
  • 9:30 - 18:00 — Калыс-Ордо, Ак-Өргө конуштарынын бир катар аймактары (Жаңыл мырза, Курманжан датка көч.);
  • 11:00 - 15:00 — Алтын-Ордо конушу (2-4-көч.);
  • 14:00 - 17:00 — 10-кичи район;
  • 13:00 - 17:00 — Көлбаев жана Ибраев көчөлөрүнүн кээ бир аймактары.
Жаңылыктар түрмөгү
0