Ажыга барчу кыргызстандыктарды ташый турган авиакомпания аныкталды

© AFP / BANDAR ALDANDANIПаломники во время хаджа в Саудовской Аравии
Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөө үчүн дарыларды Кыргызстанга "Фарватер" ишканасы алып келери кабарланды.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Сауд Аравиясына барып ажылык зыяратын жасай турган кыргызстандыктарды Flaynas авиакомпаниясы ташый турган болду. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Муфтияттын жыйындар залында 2020-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өткөн. Анда быйылкы ажылык сапар боюнча түзүлгөн республикалык штабдын өкүлдөрү зыяратчыларды ташуу үчүн Flaynas авиакомпаниясын тандап алган.

"Flaynas авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүрүшүндө кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 доллар бойдон калтырышты", — деп айтылат маалыматта.

Презентация формы одежды для паломников Кыргызстана на хадж 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Меккеге бара тургандардын кийимин жеке ишкер тигип бермей болду
Эскерте кетсек, 2019-жылы да авиабилеттин наркы 1550 доллар эле.

Андан сырткары, ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөө үчүн дарыларын Кыргызстанга "Фарватер" ишканасы алып келери кабарланды. Муфтияттан аталган ишкана жарыяланган сынакта жеңип алгандыгын айтышты.

Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0