"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүү"Урал" армиялык жүк ташуучу унаалары. Архив
Урал армиялык жүк ташуучу унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлиги аскер унаасынын техникалык мүнөздөмөлөрүн санап берип, ал ЖККУнун окууларына катышканын белгиледи.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кантта жайгашкан Россиянын аскерий авиабазасы "Урал" аталышындагы 13 армиялык жүк ташуучу унаа менен толукталды. Автоунаа кузовунда кең калибрдүү пулеметтун болушу менен айырмаланып турат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинин борбордук аскер чөлкөмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Курал-жарак кызматынын адистери унааларды сооттоп чыгышкан. Алар автокөлүктөрдүн кыймылдаткычтарын, кабина жана кузовунун десанттык бөлүктөрүн бекемдешкен.

Кант шаарынын борборундагы базардын жанында жайгашкан үйдө чыккан өрт  - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ аскерлери Кант шаарында өрт өчүрүүгө жардам берди. Сүрөт
Жүк ташуучу унаа бир эле убакта ок менен сыныктардан жеке бөлүктү жана кыймылдаткычты коргой алат. Ошондой эле жогорку мобилдүүлүккө ээ. Жүргүнчү отурган жеринде, тагыраагы, кузовунда ок чыгарганга ылайыкталган жери бар. Андан тышкары, кичи калибрлүү зениттик пулеметторду орнотуу үчүн айланып туруучу жабдык коюлган.

Бул унаалар террорчулукка каршы аракеттерде колдонулары айтылды.

Автокөлүктөр буга чейин ЖККУнун Тажикстанда өткөн окуусунда колдонулган. Анда экипаж башка танктарга аскер аракеттерди көрсөтүп машыгышкан.

Ошондой эле базанын карамагында Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0