Кыргызстанда окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРКыргызстанда биринчи жолу окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды
Кыргызстанда биринчи жолу окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук жол менен баалоо жөндөмдүү балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган жеткинчектерди аныктоого, майыптыгы бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

БИШКЕК, 31-янв.—Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу окуучулардын билими электрондук жол менен бааланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган пилоттук долбоорго алгач Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы 4-класстын окуучулары катышкан. Төрт күн ичинде долбоор башталгыч мектептин 1344 окуучусунун билимин баалаган. Баалоо каражаттары китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан.

"Максаты — баланын китеп окуу жана окуганын баамдап түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо. Электрондук жол менен баалоо өзгөчө жөндөмү бар балдарды аныктоого, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптыгы бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет. Долбоорго кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышкан", — деп жазылат маалыматта.

Аталган долбоор өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0