Ок жеп, көзү көрбөй калган илбирстин абалы айтылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХТаластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда
Таластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барска мээнин кан айлануусун жакшырткан препараттар берилип жатат. Анын рационуна суу, уйдун эти, филе жана жумшак сөөктөр кирет.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Таластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда. Көрбөй калган көзүнө дары куюлуп жатат. Ветеринарлар жырткычтын көрүүсү калыбына келет деп үмүт артышууда. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХСнежный барс по кличке "Жаабарс" найденный в Таласской области
Таластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Таластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХСнежный барс по кличке "Жаабарс" найденный в Таласской области
Жакында жаныбардын жалпы абалы боюнча дарыгерлердин консилиуму болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жакында жаныбардын жалпы абалы боюнча дарыгерлердин консилиуму болот
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХСнежный барс по кличке "Жаабарс" найденный в Таласской области
Анын жыйынтыгында, көзүнө операция жасоо же жасабоо, калган окту операция жолу менен алып чыгаруу же чыгарбоо маселеси чечилет. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын жыйынтыгында, көзүнө операция жасоо же жасабоо, калган окту операция жолу менен алып чыгаруу же чыгарбоо маселеси чечилет.
1/3
Таластан табылган бала илбирстин абалы күн сайын жакшырууда
2/3
Жакында жаныбардын жалпы абалы боюнча дарыгерлердин консилиуму болот
3/3
Анын жыйынтыгында, көзүнө операция жасоо же жасабоо, калган окту операция жолу менен алып чыгаруу же чыгарбоо маселеси чечилет.

Маалыматка караганда, илбирске мээнин кан айлануусун жакшырткан препараттар да берилип жатат. Барстын рационуна суу, уйдун эти, филе жана жумшак сөөктөр кирген.

"Жакында жаныбардын жалпы абалы боюнча дарыгерлердин консилиуму болот. Анын жыйынтыгында, көзүнө операция жасоо же жасабоо, калган окту операция жолу менен алып чыгаруу же чыгарбоо маселеси чечилет", — деп айтылат маалыматта.

Учурда укук коргоочулар барска ок чыгаргандарды издеп жатат.

Чүйдөгү Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынан жаныбарлардын бир нече түрүн жолуктурууга болот - Sputnik Кыргызстан
Илбирс, каман, улар... "Чоң-Кемин" паркындагы жаныбарлардын сүрөтү
Эске салсак, бакка чыгып алган жарадар жырткычты 9-январь күнү Таластын тургундары кармап, ветеринарларга өткөрүп беришкен. Эки жашка да чыга элек илбирс Бишкекке алып келинип, операция жасалган. Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган. Анын 18ин гана алып чыгышкан, чачма октун баарын чыгарууга такыр мүмкүн болгон эмес.

Ветеринарлар октун калганы зыянсыз болуп этке бүтүп калат же организм акырындап сүрүп чыгарат деген ишенимде. Ошол эле маалда коргошун зыянын тийгизиши мүмкүн деген да божомол бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0